Difference between revisions of "АБИОТА ФАКТОРЛОРУ"
м (→top: clean up) |

(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБИОТА ФАКТОРЛОРУ''' (а, гр. bio – жашоо ж-а лат. factor | '''АБИОТА ФАКТОРЛОРУ''' (а, гр. bio – жашоо жана лат. factor – жасоочу) – жансыз жаратылыштын органикалык эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин жана кубулуштарынын тирүү организмдерге түз жана кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга негизинен климаттык, эдафикалык (топурак чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, температуpa, нымдуулук, жаан-чачын, шамал, басым ж. б.) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын жана жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын жана температуралык режимин аныктайт. Ошондой эле күн радиациясы негизги экологиялык фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиологиялык жана морфологиялык өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климаттык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн ж. б. ландшафт компоненттеринин зоналдуулугу (тундра, тайга, талая, чөл, саванна, нымдуу тропик токою ж. б.) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топурак кыртышынын да мааниси зор. Мисалы, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, механикалык курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы химиялык элементтерге ж. б. байланыштуу. | ||
Б.Үсөнканов.

[[Категория:1-Том]] |
16:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБИОТА ФАКТОРЛОРУ (а, гр. bio – жашоо жана лат. factor – жасоочу) – жансыз жаратылыштын органикалык эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин жана кубулуштарынын тирүү организмдерге түз жана кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга негизинен климаттык, эдафикалык (топурак чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, температуpa, нымдуулук, жаан-чачын, шамал, басым ж. б.) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын жана жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын жана температуралык режимин аныктайт. Ошондой эле күн радиациясы негизги экологиялык фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиологиялык жана морфологиялык өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климаттык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн ж. б. ландшафт компоненттеринин зоналдуулугу (тундра, тайга, талая, чөл, саванна, нымдуу тропик токою ж. б.) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топурак кыртышынын да мааниси зор. Мисалы, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, механикалык курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы химиялык элементтерге ж. б. байланыштуу.
Б.Үсөнканов.