Difference between revisions of "«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Tag: New redirect
 
 
(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
#REDIRECT [[«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ]]
'''«АК МАРАЛ»''' – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1­-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑1960‑жылдары 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин жана башка элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977‑1983‑жылдары ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери Кыргыз Республикасынын эл артисти К. ''Мадемилова,'' 1983­-жылдан Кыргыз Республикасынын эл артисти, балетмейстер М. ''Асы''л­''башев.'' 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген.[[File:«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ46.png | thumb | Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.]]
Ансамблдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» жана башка бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.
[[Файл:Ак марал.jpg|left|thumb|456x456px]]
[[Файл:Бий.jpg|center|thumb]]
[[Категория:1-Том]]

14:04, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку версиясы

«АК МАРАЛ» – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1­-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑1960‑жылдары 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин жана башка элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑жылы Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977‑1983‑жылдары ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери Кыргыз Республикасынын эл артисти К. Мадемилова, 1983­-жылдан Кыргыз Республикасынын эл артисти, балетмейстер М. Асыл­башев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген.

Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.

Ансамблдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» жана башка бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Ак марал.jpg
Бий.jpg