Difference between revisions of "«АК МАКТЫМ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Tag: New redirect
 
м (→‎top: clean up)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
#REDIRECT [[«АК МАКТЫМ» дастаны]]
'''«АК МАКТЫМ»''' – кыргыздарга арман дастаны ка­тары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жа­йылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑кылымга ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюже­ти (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз жана ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну менен Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып бараткан­да «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жы­гылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы менен бүтөт.<br>
[[Категория:1-Том]]

16:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«АК МАКТЫМ» – кыргыздарга арман дастаны ка­тары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жа­йылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑кылымга ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюже­ти (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз жана ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну менен Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып бараткан­да «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жы­гылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы менен бүтөт.