Difference between revisions of "АВОКАДО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн  лаврлар тукумундагы дайыма жашыл мөмө дарак.   Бийикт. 25 ''''м''ге жетет.  Жалбырагы  ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салм. 100дөн 1000 ''г''га чейин, формасы  көбүнчө  алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот)   ж-а данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде ж-а консерваланган түрүндө пайдалыналт.  Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын  калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө  углеводдун аз болушу ж-а жогорку калорялуулугу кант диабетинде  айрыкча баалуу болуп эсептелет.  Бул өсүмдүктүн  жапайы түрү белгисиз.  Айдалма А-нун мекени Борб. Америка, андан   Түш.-Чыгыш Азияга  ж-а Африкага тараган. Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп,  негизги азык продуктусу болуп эсептелет.  КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара дениз жээктеринде өстүрүлөт. (Сүрөтү бар,БРЭ, 1-том, 87 бет)
'''АВОКАДО''' (Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн  лаврлар тукумундагы дайыма жашыл мөмө дарак. Бийиктиги 25 ''м''ге жетет.  Жалбырагы  ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салмагы 100дөн 1000 ''г''га чейин, формасы  көбүнчө  алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот) жана данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде жана консерваланган түрүндө пайдаланылат.  Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын  калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө  углеводдун аз болушу жана жогорку калориялуулугу кант диабетинде  айрыкча баалуу болуп эсептелет.  Бул өсүмдүктүн  жапайы түрү белгисиз.  Айдалма Авокадонун мекени Борбордук  Америка, андан Түштүк-Чыгыш Азияга  жана Африкага тараган. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп,  негизги азык продуктусу болуп эсептелет.  КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара деңиз жээктеринде өстүрүлөт.
[[Категория:1-Том]]

08:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВОКАДО (Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн лаврлар тукумундагы дайыма жашыл мөмө дарак. Бийиктиги 25 мге жетет. Жалбырагы ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салмагы 100дөн 1000 гга чейин, формасы көбүнчө алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот) жана данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде жана консерваланган түрүндө пайдаланылат. Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө углеводдун аз болушу жана жогорку калориялуулугу кант диабетинде айрыкча баалуу болуп эсептелет. Бул өсүмдүктүн жапайы түрү белгисиз. Айдалма Авокадонун мекени Борбордук Америка, андан Түштүк-Чыгыш Азияга жана Африкага тараган. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп, негизги азык продуктусу болуп эсептелет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара деңиз жээктеринде өстүрүлөт.