Difference between revisions of "БЛЭР Энтони"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БЛЭР''' '''Энтони''' (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-жылы туулган, Эдинбург, Улуу Британия) – мамлекеттик ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-жылы Оксфорд университетинин юридикалык мектебин бүтүргөн. 1975-жылы Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода жана ички саясат маселелери боюнча лейбористтер фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн. Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс жана Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамлекеттик мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан жана Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-жылы Блэр Лейбористтер партиясынын төрагасы жана премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-жылдары Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ жана БУУ) жөнгө салуу боюнча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси. | |||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
БЛЭР Энтони (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-жылы туулган, Эдинбург, Улуу Британия) – мамлекеттик ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-жылы Оксфорд университетинин юридикалык мектебин бүтүргөн. 1975-жылы Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода жана ички саясат маселелери боюнча лейбористтер фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн. Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс жана Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамлекеттик мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан жана Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-жылы Блэр Лейбористтер партиясынын төрагасы жана премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-жылдары Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ жана БУУ) жөнгө салуу боюнча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси.