Difference between revisions of "БЕЛУЖИСТАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022_2vol>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Б а л у ч и с т а н – Азиядагы тарыхый ж-а геогр. облус. Иран тайпак тоосунун түш.-чыгышында жайгашкан. Чыгышы Пакистандын, батышы  Ирандын курамында. Аянты 0,5 млн км². Б. ири аймактык бирикмелердин – Араб халифаты, Газневиддер, Сельжуктар, Хулагуиддер ж-а Тимуриддер мамлекеттеринин курамына кирген. Алар  ыдырагандан кийин 17-к-дын башында Б-дын аймагында бир нече феодалдык княздыктар пайда болгон. 19-к-да Чыгыш Б. Англияга баш ийип, эки провинцияга (Британдык Б. ж-а ж-а Белуж княздыктарынын федерациясы) бөлүнгөн. 1947-ж. августта Британдык Б., 1948-ж. мартта Белуж княздыктарынын федерациясы Пакистандын курамына, Батыш Б. Ирандын курамына кирген. Чыгыш Б-нын (Пакистандык Б. провинциясы) ж-а Батыш Б-нын (Ирандык Б. ж-а Систан провинциялары) ортосундагы чек аралар 29. 10. 1956-жылдагы иран-пакистан келишиминин негизинде аныкталган. 1955-ж. Пакистандын батыш бөлүгүндөгү бардык провинциялар бир провинцияга – Батыш Пакистанга биригип, княздыктар жоюлган. 1970-ж. Батыш Пакистан лингвисттик принцип б-ча 4 провинцияга бөлүнгөн,: Пенджаб, Синд, Хайбер-Пахтунхва ж-а Белужистан. Б. аянты б-ча Пакистандын эң чоң провинциясы, бирок калкынын (белуждар, о. эле брагу ж-а пуштундар) санына (7,7 млн адам) караганда эң кичинекей аймак. Провинция табигый ресурстарга, а. и. мунай, газ, көмүр, күкүрт, жез ж-а алтынга бай. Пайдалуу кендердин эбегейсиз запасына карабастан, Б. Пакистандын эң жакыр аймактарынын бири. Б. мунай ж-а газ кирешесин Синд, Пенджаб, Хайбер ж-а Пахтунхва провинцияларына салыштырмалуу азыраак алат, анткени Б-дагы скважиналардын баасы ушул провинцияларга караганда беш эсе төмөн. Мындан тышкары, кирешени борбордон аймактарга бөлүштүрүү схемасына ылайык, биринчи кезекте ар бир провинциянын жыш калкы эске алынат. Ошентип, Б. борбордук өкмөт бөлгөн бассейндин 9,09% гана алат. Изилдөөчүлөр белгилегендей, белуж уруулары  экон., социалдык ж-а саясий артыкчылыктарга ээ эмес, экон. жактан жакыр, сырттан келген адамдар катары эсептелинет. Белуж уруулары улуттук ин-ттарды калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын, айрыкча жаратылыш газын бөлүштүрүү чаралары ж. б. экон. талаптар м-н көтөрүлүшкө чыгып турушат. О. эле региондо улуттар аралык тирешүү белуждар м-н пуштундардын ортосунда гана эмес, белуждар м-н кытайлардын ортосунда да орун алган. Белуж уруулары м-н Б. боштондук армиясынын козголоңчулары, экинчи жагынан, Пакистандын борбордук өкмөтү м-н белуж улутчулдарынын ортосундагы чыр-чатактардын курчушу бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
'''БЕЛУЖИСТАН,''' Б а л у ч и с т а н – Азиядагы тарыхый жана географиялык облус. Иран тайпак тоосунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Чыгышы Пакистандын, батышы  Ирандын курамында. Аянты 0,5 млн км². Белужистан ири аймактык бирикмелердин – Араб халифаты, Газневиддер, Сельжуктар, Хулагуиддер жана Тимуриддер мамлекеттеринин курамына кирген. Алар  ыдырагандан кийин 17-кылымдын башында Белужистандын аймагында бир нече феодалдык княздыктар пайда болгон. 19-кылымда Чыгыш Белужистан Англияга баш ийип, эки провинцияга (Британдык Белужистан жана жана Белуж княздыктарынын федерациясы) бөлүнгөн. 1947-жылы августта Британдык Белужистан, 1948-жылы мартта Белуж княздыктарынын федерациясы Пакистандын курамына, Батыш Белужистан Ирандын курамына кирген. Чыгыш Белужистандын (Пакистандык Белужистан провинциясы) жана Батыш Белужистандын (Ирандык Белужистан жана Систан провинциялары) ортосундагы чек аралар 29. 10. 1956-жылдагы иран-пакистан келишиминин негизинде аныкталган. 1955-жылы Пакистандын батыш бөлүгүндөгү бардык провинциялар бир провинцияга – Батыш Пакистанга биригип, княздыктар жоюлган. 1970-ж. Батыш Пакистан лингвисттик принцип боюнча 4 провинцияга бөлүнгөн: Пенджаб, Синд, Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан. Белужистан аянты боюнча Пакистандын эң чоң провинциясы, бирок калкынын (белуждар, ошондой эле брагу жана пуштундар) санына (7,7 млн адам) караганда эң кичинекей аймак. Провинция табигый ресурстарга, анын ичинде мунай, газ, көмүр, күкүрт, жез жана алтынга бай. Пайдалуу кендердин эбегейсиз запасына карабастан, Белужистан Пакистандын эң жакыр аймактарынын бири. Белужистан мунай жана газ кирешесин Синд, Пенджаб, Хайбер жана Пахтунхва провинцияларына салыштырмалуу азыраак алат, анткени Белужистандагы скважиналардын баасы ушул провинцияларга караганда беш эсе төмөн. Мындан тышкары, кирешени борбордон аймактарга бөлүштүрүү схемасына ылайык, биринчи кезекте ар бир провинциянын жыш калкы эске алынат. Ошентип, Белужистан борбордук өкмөт бөлгөн бассейндин 9,09% гана алат. Изилдөөчүлөр белгилегендей, белуж уруулары  экономикалык, социалдык жана саясий артыкчылыктарга ээ эмес, экономикалык жактан жакыр, сырттан келген адамдар катары эсептелинет. Белуж уруулары улуттук институттарды калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын, айрыкча жаратылыш газын бөлүштүрүү чаралары ж. б. экономикалык талаптар менен көтөрүлүшкө чыгып турушат. Ошондой эле региондо улуттар аралык тирешүү белуждар менен пуштундардын ортосунда гана эмес, белуждар менен кытайлардын ортосунда да орун алган. Белуж уруулары менен Белужистан боштондук армиясынын козголоңчулары, экинчи жагынан, Пакистандын борбордук өкмөтү менен белуж улутчулдарынын ортосундагы чыр-чатактардын курчушу бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БЕЛУЖИСТАН, Б а л у ч и с т а н – Азиядагы тарыхый жана географиялык облус. Иран тайпак тоосунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Чыгышы Пакистандын, батышы Ирандын курамында. Аянты 0,5 млн км². Белужистан ири аймактык бирикмелердин – Араб халифаты, Газневиддер, Сельжуктар, Хулагуиддер жана Тимуриддер мамлекеттеринин курамына кирген. Алар ыдырагандан кийин 17-кылымдын башында Белужистандын аймагында бир нече феодалдык княздыктар пайда болгон. 19-кылымда Чыгыш Белужистан Англияга баш ийип, эки провинцияга (Британдык Белужистан жана жана Белуж княздыктарынын федерациясы) бөлүнгөн. 1947-жылы августта Британдык Белужистан, 1948-жылы мартта Белуж княздыктарынын федерациясы Пакистандын курамына, Батыш Белужистан Ирандын курамына кирген. Чыгыш Белужистандын (Пакистандык Белужистан провинциясы) жана Батыш Белужистандын (Ирандык Белужистан жана Систан провинциялары) ортосундагы чек аралар 29. 10. 1956-жылдагы иран-пакистан келишиминин негизинде аныкталган. 1955-жылы Пакистандын батыш бөлүгүндөгү бардык провинциялар бир провинцияга – Батыш Пакистанга биригип, княздыктар жоюлган. 1970-ж. Батыш Пакистан лингвисттик принцип боюнча 4 провинцияга бөлүнгөн: Пенджаб, Синд, Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан. Белужистан аянты боюнча Пакистандын эң чоң провинциясы, бирок калкынын (белуждар, ошондой эле брагу жана пуштундар) санына (7,7 млн адам) караганда эң кичинекей аймак. Провинция табигый ресурстарга, анын ичинде мунай, газ, көмүр, күкүрт, жез жана алтынга бай. Пайдалуу кендердин эбегейсиз запасына карабастан, Белужистан Пакистандын эң жакыр аймактарынын бири. Белужистан мунай жана газ кирешесин Синд, Пенджаб, Хайбер жана Пахтунхва провинцияларына салыштырмалуу азыраак алат, анткени Белужистандагы скважиналардын баасы ушул провинцияларга караганда беш эсе төмөн. Мындан тышкары, кирешени борбордон аймактарга бөлүштүрүү схемасына ылайык, биринчи кезекте ар бир провинциянын жыш калкы эске алынат. Ошентип, Белужистан борбордук өкмөт бөлгөн бассейндин 9,09% гана алат. Изилдөөчүлөр белгилегендей, белуж уруулары экономикалык, социалдык жана саясий артыкчылыктарга ээ эмес, экономикалык жактан жакыр, сырттан келген адамдар катары эсептелинет. Белуж уруулары улуттук институттарды калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын, айрыкча жаратылыш газын бөлүштүрүү чаралары ж. б. экономикалык талаптар менен көтөрүлүшкө чыгып турушат. Ошондой эле региондо улуттар аралык тирешүү белуждар менен пуштундардын ортосунда гана эмес, белуждар менен кытайлардын ортосунда да орун алган. Белуж уруулары менен Белужистан боштондук армиясынын козголоңчулары, экинчи жагынан, Пакистандын борбордук өкмөтү менен белуж улутчулдарынын ортосундагы чыр-чатактардын курчушу бүгүнкү күнгө чейин уланууда.