Difference between revisions of "ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ''' , И у д е я, Й е г у д а (евр.) – Түштүк Палестинадагы байыркы мамлекет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымына таандык. Еврейлердин Иуддар уруусунан улам Иудей деп аталган. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында Иуддар уруусу Палестинанын аймагына көчүп келип отурукташкан. Б. з. ч. 10-кылымдын аягында Давид <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Соломон башкарган бирдиктүү еврей падышалыгы кулагандан кийин Иудей падышалыгы (борбору Иерусалим) түзүлгөн. Б. з. ч. 586-жылы Жаңы Вавилон мамлекети тарабынан Иерусалим храмы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Иерусалим шаары (башка хронология боюнча 587-жылы) талкаланган. Иудей падышалыгы жөнүндө алгачкы эскерүү 9-кылымдын аягында Тель-Дандан табылган. Иудей падышалыгынын гүлдөгөн мезгили Езекия падышанын мезгилине (болжол <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> 727–698) туура келет. Б.з. ч. 6-кылымдын аягында Вавилон падышасы Навуходоносора II Иерусалимди тартып алып, калктын күчү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Вавилонияга көчүргөн. | |||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ , И у д е я, Й е г у д а (евр.) – Түштүк Палестинадагы байыркы мамлекет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымына таандык. Еврейлердин Иуддар уруусунан улам Иудей деп аталган. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында Иуддар уруусу Палестинанын аймагына көчүп келип отурукташкан. Б. з. ч. 10-кылымдын аягында Давид жана Соломон башкарган бирдиктүү еврей падышалыгы кулагандан кийин Иудей падышалыгы (борбору Иерусалим) түзүлгөн. Б. з. ч. 586-жылы Жаңы Вавилон мамлекети тарабынан Иерусалим храмы жана Иерусалим шаары (башка хронология боюнча 587-жылы) талкаланган. Иудей падышалыгы жөнүндө алгачкы эскерүү 9-кылымдын аягында Тель-Дандан табылган. Иудей падышалыгынын гүлдөгөн мезгили Езекия падышанын мезгилине (болжол менен 727–698) туура келет. Б.з. ч. 6-кылымдын аягында Вавилон падышасы Навуходоносора II Иерусалимди тартып алып, калктын күчү менен Вавилонияга көчүргөн.