Difference between revisions of "АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(6 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  – мамлекеттин  ички  экон. туруктуулугун  ж-а өнүгүүнүн  тең  салмактуулугун  сактоо  максатында  жүргүзгөн  иш-чаралары.  А-к. с-н   Кыргыз  Республикасынын  Өкүмөтү м-н  Улуттук  Банкы  биргелешип  жүргүзөт.  А.-к. с. милдеттемеде  белгиленген  ИДПнын  өсүш  темпине  ылайыктуу  камсыздоо  максатында,  Улуттук  Банк  акча  массасын,  инфляциянын  өсүш  темпин,  баанын  туруктуулугун,  о. эле  кредит  ресурстарын  ж-а  проценттик  ставкалардын  керектүү  деңгээлде  каралышын  белгилейт. Мындай  саясаттын  негизки багытын  ачык  рыноктогу  операциялар,  эсеп-кысап  саясаты  ж-а  резервде  накталай  акчанын  сакталып  турушу  аныктайт.
'''АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ''' – мамлекеттин  ички  экономикалык  туруктуулугун  <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> өнүгүүнүн  тең  салмактуулугун  сактоо  максатында  жүргүзгөн  иш-чаралары.  Акча-кредит  саясатын   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Улуттук  Банкы  биргелешип  жүргүзөт.  Акча-кредит  саясаты  милдеттемеде  белгиленген  ИДПнын  өсүш  темпине  ылайыктуу  камсыздоо  максатында,  Улуттук  Банк  акча  массасын,  инфляциянын  өсүш  темпин,  баанын  туруктуулугун,  ошондой  эле  кредит  ресурстарын  <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> проценттик  ставкалардын  керектүү  деңгээлде  каралышын  белгилейт. Мындай  саясаттын  негизги багытын  ачык  рыноктогу  операциялар,  эсеп-кысап  саясаты  <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> резервде  накталай  акчанын  сакталып  турушу  аныктайт.
 
[[Категория:1-Том]]

09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ – мамлекеттин ички экономикалык туруктуулугун жана өнүгүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында жүргүзгөн иш-чаралары. Акча-кредит саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук Банкы биргелешип жүргүзөт. Акча-кредит саясаты милдеттемеде белгиленген ИДПнын өсүш темпине ылайыктуу камсыздоо максатында, Улуттук Банк акча массасын, инфляциянын өсүш темпин, баанын туруктуулугун, ошондой эле кредит ресурстарын жана проценттик ставкалардын керектүү деңгээлде каралышын белгилейт. Мындай саясаттын негизги багытын ачык рыноктогу операциялар, эсеп-кысап саясаты жана резервде накталай акчанын сакталып турушу аныктайт.