Difference between revisions of "АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19 - к-дын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) ж-а таскакчыл (голланд жылкысы ж. б.) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу м-н чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукмдуулугу б-ча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер ж. б. Ыйык жалынан бийик. 153–157 ''см'', көкүрөк курчамы 170–185 ''см'', тулку боюнун уз. 154–158 ''см'', бутунун жоондугу 18–20 ''см''. Айгырынын орточо салм. 450 ''кг'', бээсиники 350 ''кг''. А. т. жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 ''сек''да таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 ''сек''да жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк  рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-к-дын аягында алып келинген. А. т. м-н орлов таскакчыл жылкысын аргындаштыруудан орус таскакчыл жылкысы алынган.  
'''АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ''' – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> таскакчыл (голланд жылкысы ж. б.) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукумдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер ж. б. Ыйык жалынан бийик. 153–157 ''см'', көкүрөк курчамы 170–185 ''см'', тулку боюнун узундугу 154–158 ''см'', бутунун жоондугу 18–20 ''см''. Айгырынын орточо салмагы 450 ''кг'', бээсиники 350 ''кг''. Америка  таскакчылы жылкысынын айрымдары 1609 ''м'' аралыкты 1 мин 55,25 ''сек''да таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 ''сек''да жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк  рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка  таскакчылы  <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> орлов таскакчыл жылкысын аргындаштыруудан орус таскакчыл жылкысы алынган.
 
[[Категория:1-Том]]

09:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) жана таскакчыл (голланд жылкысы ж. б.) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукумдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер ж. б. Ыйык жалынан бийик. 153–157 см, көкүрөк курчамы 170–185 см, тулку боюнун узундугу 154–158 см, бутунун жоондугу 18–20 см. Айгырынын орточо салмагы 450 кг, бээсиники 350 кг. Америка таскакчылы жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 секда таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 секда жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка таскакчылы менен орлов таскакчыл жылкысын аргындаштыруудан орус таскакчыл жылкысы алынган.