Difference between revisions of "АГВАН ТИЛИ"
Jump to navigation
Jump to search
new2022>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГВАН ТИЛИ''' – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. Агван тили байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси боюнча Азербайжан Республикасынын Габалин районуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГВАН ТИЛИ – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында жана Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян жана грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. Агван тили байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет жана фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси боюнча Азербайжан Республикасынын Габалин районуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.