Difference between revisions of "АЙЯ СОФЬЯ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЯ СОФЬЯ''' – Стамбулдагы чоң мечит. Бул көөнө архитектуралык эстеликтин пайдубалы император Константиндин буйругу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> 325‑жылы түптөлүп, 10 миң жумушчу 5 жылда салып бүтүргөн. Андан бери бир нече ирет ондолуп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы көрүнүшү негизинен 532–37‑жылдарда (император Юстиниандын заманында) архитекторлор Анфимий <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Иси‑дордун колунан чыккан үлгү нускадагы калыбын сактаган. Алардын салган күмбөзү 20 жыл өткөн соң кулап калып, 563‑жылы Родос аралынын топурагынан жасалган жеңил кыштан жаңы күмбөз тургузулган. | |||
[[File:АЙЯ СОФЬЯ30.png | thumb | none]] | [[File:АЙЯ СОФЬЯ30.png | thumb|none]] | ||
Анын | Анын узундугу 77 ''м,'' бийиктиги 55,6 ''м,'' куполунун диаметри 31,5 ''м'' келип, анын негизин айланта 40 терезе жасалган. Алар аркылуу ичине туш тараптан жарык төгүлүп, куполдун зор табагы храмдын үстүндө калкып тургандай көрүнөт. Бул имараттын курулушунун күбөсү болгон жазуучу Прокопийдин сөзү боюнча Айя Софья деңиз толкундарынын үстүндөгү кеме сыяктуу бүткүл шаардын үстүнөн бийлеп тургандай элес калтырчу экен. Айя Софья учурунда дүйнөдөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болгон. Түрктөргө чейин Византия империясынын, кийин 500 жыл бою түрктөрдүн диний борбору болгон. 1453‑жылы мечит болуп, ошого жараша имараттын ичи кайрадан көркөмдөлүп жасалгаланган. 16–18‑кылымдарда тегерегине мунаралар тургузулуп, кошумча курулуштар салынган. Ататүрктүн тушунда Айя Софья 1935‑жылы мамлекеттик музей болуп түзүлүп, бир нече филиалдары болгон. 2020‑жылы кайрадан мечитке айландырылган. | ||
''Ш. Керимова.''<br> | ''Ш. Керимова.''<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЯ СОФЬЯ – Стамбулдагы чоң мечит. Бул көөнө архитектуралык эстеликтин пайдубалы император Константиндин буйругу менен 325‑жылы түптөлүп, 10 миң жумушчу 5 жылда салып бүтүргөн. Андан бери бир нече ирет ондолуп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы көрүнүшү негизинен 532–37‑жылдарда (император Юстиниандын заманында) архитекторлор Анфимий жана Иси‑дордун колунан чыккан үлгү нускадагы калыбын сактаган. Алардын салган күмбөзү 20 жыл өткөн соң кулап калып, 563‑жылы Родос аралынын топурагынан жасалган жеңил кыштан жаңы күмбөз тургузулган.
Анын узундугу 77 м, бийиктиги 55,6 м, куполунун диаметри 31,5 м келип, анын негизин айланта 40 терезе жасалган. Алар аркылуу ичине туш тараптан жарык төгүлүп, куполдун зор табагы храмдын үстүндө калкып тургандай көрүнөт. Бул имараттын курулушунун күбөсү болгон жазуучу Прокопийдин сөзү боюнча Айя Софья деңиз толкундарынын үстүндөгү кеме сыяктуу бүткүл шаардын үстүнөн бийлеп тургандай элес калтырчу экен. Айя Софья учурунда дүйнөдөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болгон. Түрктөргө чейин Византия империясынын, кийин 500 жыл бою түрктөрдүн диний борбору болгон. 1453‑жылы мечит болуп, ошого жараша имараттын ичи кайрадан көркөмдөлүп жасалгаланган. 16–18‑кылымдарда тегерегине мунаралар тургузулуп, кошумча курулуштар салынган. Ататүрктүн тушунда Айя Софья 1935‑жылы мамлекеттик музей болуп түзүлүп, бир нече филиалдары болгон. 2020‑жылы кайрадан мечитке айландырылган.
Ш. Керимова.