Difference between revisions of "АПОРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. А. нерседе же ал ж-дө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу А-га Платон филос. маани берген. Ал А-ны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. А-нын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин А. деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, А. – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери А-ны так ушул мааниде түшүнүшкөн. А. – байыркы грек филосо&#0173;фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.<br>
'''АПОРИЯ''' (гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. Апория нерседе же ал жөнүндө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу Апорияга Платон философиялык  маани берген. Ал Афорияны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. Апориянын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин Апория деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, Апория – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери Апорияны так ушул мааниде түшүнүшкөн. Апория – байыркы грек филосо­фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АПОРИЯ (гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. Апория нерседе же ал жөнүндө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу Апорияга Платон философиялык маани берген. Ал Афорияны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. Апориянын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин Апория деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, Апория – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери Апорияны так ушул мааниде түшүнүшкөн. Апория – байыркы грек филосо­фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.