Difference between revisions of "АПАРТЕИД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
''',''' а п а р т х е й д (африкаанс тилинде apartheid – бөлүнүп жашоо) – расалык ж-а этностук белгилери б-ча бөлүп-жаруу ж-а дискриминациялоого багытталган саясат. Түш. Аф­рика Респ-нда (ТАР) 1948-жылдан мамл. расмий саясат катары жүргүзүлүп келген. А. кара өңдүүлөрдү (жерг. африкалыктарды) атайын жерлерге (резерваттарга, 1959-жылдан бантустандарга) жайгаштыруу м-н актарга аралаштырбоо, алардын саясий-экон. укуктарын чектөө, европ-тар м-н никелешүүгө, алардын коомдук уюмдарга
'''АПАРТЕИД,''' а п а р т х е й д (африкаанс тилинде apartheid – бөлүнүп жашоо) – расалык жана этностук белгилери боюнча бөлүп-жаруу жана дискриминациялоого багытталган саясат. Түштүк Аф­рика Республикасында (ТАР) 1948-жылдан мамлекеттик расмий саясат катары жүргүзүлүп келген. Апартеид кара өңдүүлөрдү (жергиликтүү африкалыктарды) атайын жерлерге (резерваттарга, 1959-жылдан бантустандарга) жайгаштыруу менен актарга аралаштырбоо, алардын саясий-экономикалык укуктарын чектөө, европалыктар менен никелешүүгө, алардын коомдук уюмдарга катышуусуна тыюу салуу, жумушка албоо ж. б. камтыган. Бул саясат аркылуу бурлар (ТАРга келип отурукташкан голландиялык, француздар  ж. б. европалык оторчулардын тукумдары) өзүлөрүнүн жана жергиликтүү элдердин улуттук жана маданий өзгөчөлүгүн сактоо аракети ка­тары түшүндүргөн. Чындыгында, бул ак өңдүүлөрдүн үстөмдүгүн орнотууга багытталган сая­сат болгон. Антирасисттик саясат жүргүзгөн Африкалык Улуттук Конгресстин ишмердүүлүгү токтотулуп, анын лидери Нельсон Мандела 1973-жылы өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм кылынган. 1984-жылы кабыл алынган жаңы конституцияда айрым чектөөлөр алынып салынып, үч палаталуу (актар, түстүүлөр, индиялыктар) пар­ламент түзүлгөн. 1973-жылы  БУУ Апартеидге тыюу салуу тууралуу конвенция кабыл алган. 1989-жылы Де Клерк президент болуп шайланган соң, эл аралык коомчулуктун кысымы менен расалык белгиси боюнча дискриминациялаган мыйзамдардын көпчүлүгү алынып салынган. 1994-жылы Нель­сон Мандела түрмөдөн бошоп чыгып, ТАРдын президенти болуп шайланышы менен Апартеид токтотулган.
''К.Алымкулов.''

катышуусуна тыюу салуу, жумушка албоо ж. б. камтыган. Бул саясат аркылуу бурлар (ТАРга келип отурукташкан голландиялык, фр. ж. б. европ. оторчулардын тукумдары) өзүлөрүнүн ж-а жерг. элдердин улуттук ж-а маданий өзгөчөлүгүн сактоо аракети ка­тары түшүндүргөн. Чындыгында, бул ак өңдүүлөрдүн үстөмдүгүн орнотууга багытталган сая­сат болгон. Антирасисттик саясат жүргүзгөн Африкалык Улуттук Конгресстин ишмердүүлүгү токтотулуп, анын лидери Нельсон Мандела 1973-ж. өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм кылынды. 1984-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда айрым чектөөлөр алынып салынып, үч палаталуу (актар, түстүүлөр, индиялыктар) пар­ламент түзүлгөн. 1973-ж. БУУ А-ге тыюу салуу тууралуу конвенция кабыл алган. 1989-ж. Де Клерк президент болуп шайланган соң, эл аралык коомчулуктун кысымы м-н расалык белгиси б-ча дискриминациялаган мыйзамдардын көпчүлүгү алынып салынган. 1994-ж. Нель­сон Мандела түрмөдөн бошоп чыгып, ТАРдын президенти болуп шайланышы м-н А. токтотулган.
''К. Алымкулов.''

[[Категория:1-Том]]

10:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АПАРТЕИД, а п а р т х е й д (африкаанс тилинде apartheid – бөлүнүп жашоо) – расалык жана этностук белгилери боюнча бөлүп-жаруу жана дискриминациялоого багытталган саясат. Түштүк Аф­рика Республикасында (ТАР) 1948-жылдан мамлекеттик расмий саясат катары жүргүзүлүп келген. Апартеид кара өңдүүлөрдү (жергиликтүү африкалыктарды) атайын жерлерге (резерваттарга, 1959-жылдан бантустандарга) жайгаштыруу менен актарга аралаштырбоо, алардын саясий-экономикалык укуктарын чектөө, европалыктар менен никелешүүгө, алардын коомдук уюмдарга катышуусуна тыюу салуу, жумушка албоо ж. б. камтыган. Бул саясат аркылуу бурлар (ТАРга келип отурукташкан голландиялык, француздар ж. б. европалык оторчулардын тукумдары) өзүлөрүнүн жана жергиликтүү элдердин улуттук жана маданий өзгөчөлүгүн сактоо аракети ка­тары түшүндүргөн. Чындыгында, бул ак өңдүүлөрдүн үстөмдүгүн орнотууга багытталган сая­сат болгон. Антирасисттик саясат жүргүзгөн Африкалык Улуттук Конгресстин ишмердүүлүгү токтотулуп, анын лидери Нельсон Мандела 1973-жылы өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм кылынган. 1984-жылы кабыл алынган жаңы конституцияда айрым чектөөлөр алынып салынып, үч палаталуу (актар, түстүүлөр, индиялыктар) пар­ламент түзүлгөн. 1973-жылы БУУ Апартеидге тыюу салуу тууралуу конвенция кабыл алган. 1989-жылы Де Клерк президент болуп шайланган соң, эл аралык коомчулуктун кысымы менен расалык белгиси боюнча дискриминациялаган мыйзамдардын көпчүлүгү алынып салынган. 1994-жылы Нель­сон Мандела түрмөдөн бошоп чыгып, ТАРдын президенти болуп шайланышы менен Апартеид токтотулган.
К.Алымкулов.