Difference between revisions of "АНДРОН МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– коло доорундагы археол. мад-т; б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы - б.з. 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге, Иртыштын ортонку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш мад-т эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Мад-т Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты м-н аталган. 20-к-дын 20-жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Мад-ттын эстеликтерине айланасы таш м-н курчалган көрүстөндөр ж-а асем буюмдар кирет. Көрүстөндөрдүн кашпыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийимкечеги, курал жарагы, асем буюмдары м-н бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карала идиш-аяктарын оймо-чийме м-н кооздошкон. Мад-ттын эстеликтери Кырг-ндын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, о. эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган археол. маалыматтарга таянып, алардын тамакашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби б-ча тамак-аштын 60–70% ин уй эти, 10% ин кой эти, 20–30% ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карал, сүт азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын коло салыктары аныктап турат.

'''АНДРОН МАДАНИЯТЫ ''' коло доорундагы археологиялык  маданият; б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы - б.з. 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге, Иртыштын ортонку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш маданият эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Маданият Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты менен аталган. 20-кылымдын 20-жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Маданияттын эстеликтерине айланасы таш менен курчалган көрүстөндөр жана асем буюмдар кирет. Көрүстөндөрдүн кашпыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийим кечеги, курал жарагы, асем буюмдары менен бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карала идиш-аяктарын оймо-чийме менен кооздошкон. Маданияттын эстеликтери Кыргызстандын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, ошондой  эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган археологиялык маалыматтарга таянып, алардын тамак ашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби боюнча тамак-аштын 60–70% ин уй эти, 10% ин кой эти, 20–30% ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карал, сүт азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын коло салыктары аныктап турат.

''К. Табалдиев.''
''К. Табалдиев.''
[[Категория:1-Том]]

09:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНДРОН МАДАНИЯТЫ – коло доорундагы археологиялык маданият; б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы - б.з. 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге, Иртыштын ортонку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш маданият эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Маданият Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты менен аталган. 20-кылымдын 20-жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Маданияттын эстеликтерине айланасы таш менен курчалган көрүстөндөр жана асем буюмдар кирет. Көрүстөндөрдүн кашпыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийим кечеги, курал жарагы, асем буюмдары менен бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карала идиш-аяктарын оймо-чийме менен кооздошкон. Маданияттын эстеликтери Кыргызстандын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, ошондой эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган археологиялык маалыматтарга таянып, алардын тамак ашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби боюнча тамак-аштын 60–70% ин уй эти, 10% ин кой эти, 20–30% ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карал, сүт азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын коло салыктары аныктап турат.

К. Табалдиев.