Difference between revisions of "АПЕННИН ТООЛОРУ"
Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(Appennino, кельт тилинде пен – чоку) Апеннин ж. а-нда, Италияда.
'''АПЕННИН ТООЛОРУ''' (Appennino, кельт тилинде пен – чоку) Апеннин жарым аралында, Италияда. Узундугу 1200 ''кмдей.'' Эң бийик жери 2914 ''м'' (Корно чокусу). Түндүк (Лигурия жана Тоскана-Эмилия), Борбордук (Умбрия-Марке, Абруццо) жана Түштүк (Неа­поль, Лукка) Апеннин тоолоруна бөлүнөт. Алар альп бүктөлүүсүндө пайда болгон кыр зонасы негизинен акиташ, сланец, кумдук тоо тектеринен турат; чет жакаларында флиштүү жапыз тоолор, түштүк-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы) орун алган. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны айдарым батыш капталдарында 1000–2000 ''мм'' (Лигурия Апеннин тоолорунда 3000 ''мм''ге чейин), чыгыш капталдарында жана тоо аралык өрөөндөрдө 600–800 ''мм.'' Апеннин тоолорунан Тибр, Арно ж. б. дарыялар башталат. Түндүгүндө 300–500 ''м'' бийиктикке, түштүгүндө 600–800 мге чейин жемиш багы, парк, зайтун токою, жүзүм өстүрүлөт; жер ортолук деңиздик бадал (маквис) жана токой өсөт. Түндүгүн 900 ''м''ге, түштүгүн 1000–1200 ''м''ге чейин аралаш токой (эмен, мырза карагай, каштан ж. б.), бадал, андан жогору бук жана ийне жалбырактуу (көк карагай, мырза карагай) токой, жогорку жагында субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Капталдары жайыт катары пайдаланылат.
Уз. 1200 ''кмдей.'' Эң бийик жери 2914 ''м'' (Корно
[[Категория:1-Том]]
чокусу). Түн. (Лигурия ж-а Тоскана-Эмилия),
акиташ, сланец, кумдук тоотектеринен турат;
чет жакаларында флиштүү жапыз тоолор, түш.батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей
талаасы) орун алган. Климаты субтропиктик жер
ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны айдарым батыш капталдарында 1000–2000 ''мм''
(Лигурия А. т-нда 3000 ''ммте'' чейин), чыгыш
капталдарында ж-а тоо аралык өрөөндөрдө
600–800 ''мм.'' А. т-нан Тибр, Арно ж. б. дарыялар башталат. Түндүгүндө 300–500 ''м'' бийиктикке, түштүгүндө 600–800 мге чейин жемиш
багы, парк, зайтун токою, жүзүм өстүрүлөт; жер
ортолук деңиздик бадал (маквис) ж-а токой
өсөт. Түндүгүн 900 жге, түштүгүн 1000-1200 жге
чейин аралаш токой (эмен, мырза карагай, каштан ж. б.), бадал, андан жогору бук ж-а ийне
жалбырактуу (көк карагай, мырза карагай) токой, жогорку жагында субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Капталдары жайыт катары пайдаланылат.
10:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АПЕННИН ТООЛОРУ (Appennino, кельт тилинде пен – чоку) Апеннин жарым аралында, Италияда. Узундугу 1200 кмдей. Эң бийик жери 2914 м (Корно чокусу). Түндүк (Лигурия жана Тоскана-Эмилия), Борбордук (Умбрия-Марке, Абруццо) жана Түштүк (Неа­поль, Лукка) Апеннин тоолоруна бөлүнөт. Алар альп бүктөлүүсүндө пайда болгон кыр зонасы негизинен акиташ, сланец, кумдук тоо тектеринен турат; чет жакаларында флиштүү жапыз тоолор, түштүк-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы) орун алган. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны айдарым батыш капталдарында 1000–2000 мм (Лигурия Апеннин тоолорунда 3000 ммге чейин), чыгыш капталдарында жана тоо аралык өрөөндөрдө 600–800 мм. Апеннин тоолорунан Тибр, Арно ж. б. дарыялар башталат. Түндүгүндө 300–500 м бийиктикке, түштүгүндө 600–800 мге чейин жемиш багы, парк, зайтун токою, жүзүм өстүрүлөт; жер ортолук деңиздик бадал (маквис) жана токой өсөт. Түндүгүн 900 мге, түштүгүн 1000–1200 мге чейин аралаш токой (эмен, мырза карагай, каштан ж. б.), бадал, андан жогору бук жана ийне жалбырактуу (көк карагай, мырза карагай) токой, жогорку жагында субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Капталдары жайыт катары пайдаланылат.