Difference between revisions of "АНКЛАВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(фр. enclave, лат. inclavo – кулпу -
'''АНКЛАВ''' (французча enclave, латынча inclavo – кулпулайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы менен толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер анклавдын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар болсо, ал жарым анклав деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык, этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда анклавдык аймактар, анклавдык мамлекеттер, жарым анклавдар, шаар ичиндеги анклавдык кварталдар бар. Анклав мамлекет катары Лесото королчулугу (Түштүк Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми анклав шаар мамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн орун алган Ватикан эсептелет. Жарым анклав – Монако княздыгы Франция менен курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым анклав катары эсептелип, Литва, Польша жана Балтика деңизи менен чектешип турат. Мароккодогу Сеута жана Мелилья шаар-анклавдары испандардын бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен калган. Европа континентиндеги Швейцария мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон анклавдары, Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог анклавдарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу жана азыркы учурда бул анклавдардын экономикалык саясий жактан өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-жылы  Британиялык Индиянын Индия Союзуна жана Пакистанга бөлүнүшү көп сандаган анклавдардын пайда болушуна алып келген. 1971-жылы Чыгыш Пакистандын ордуна Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да анклавдык маселелерди толук чече алган жок. Совет бийлигинин 1924–27-жылдарда Орто Азия республикаларында улуттук-мамлекеттик чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн иш чараларынын натыйжасында, азыркы учурда алардын арасында бир кыйла татаал эл аралык укуктук маселеге айланган анклавдар пайда болгон. Алар: Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай анклавдары. Өзбекстан чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кыргызстандын Барак анклавдары.
лайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы м-н толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер
А-дын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар
болсо, ал жарым А. деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык,
этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда
А-дык аймак тар, А-дык мамлекеттер, жарым
А-дар, шаар ичиндеги А-дык кварталдар бар.
А. мамлекет катары Лесото королчулугу (Түш.
Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми А. шаармамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн
орун алган Ватикан эсептелет. Жарым А. – Монако княздыгы Франция м-н курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым
А. катары эсептелип, Литва, Польша ж-а Балтика деңизи м-н чектешип турат. Мароккодогу
Сеута ж-а Мелилья ш. – А-дары испандардын
бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен
калган. Европа континентиндеги Швейцария
мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон А.,
Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог
А-дарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу ж-а азыркы учурда бул А-дардын экон. саясий жактан
өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында
аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-ж. Британиялык Индиянын Индия Союзуна ж-а Пакистанга бөлүнүшү
көп сандаган А-дардын пайда болушуна алып
келген. 1971-ж. Чыгыш Пакистандын ордуна
Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да А-дык
маселелерди толук чече алган жок.

Совет бийлигинин 1924-27-жылдарда О. Азия
республикаларында улуттук-мамл. чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн ишчараларынын натыйжасында, азыркы учурда
алардын арасында бир кыйла татаал эл аралыкукуктук маселеге айланган А-дар пайда болгон. Алар: Кырг-ндын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай А-дары. Өзбекстан
чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кырг-ндын
Барак А-дары. ''С. Аламанов.''

''С. Аламанов.''
[[Категория:1-Том]]

09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНКЛАВ (французча enclave, латынча inclavo – кулпулайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы менен толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер анклавдын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар болсо, ал жарым анклав деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык, этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда анклавдык аймактар, анклавдык мамлекеттер, жарым анклавдар, шаар ичиндеги анклавдык кварталдар бар. Анклав мамлекет катары Лесото королчулугу (Түштүк Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми анклав шаар мамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн орун алган Ватикан эсептелет. Жарым анклав – Монако княздыгы Франция менен курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым анклав катары эсептелип, Литва, Польша жана Балтика деңизи менен чектешип турат. Мароккодогу Сеута жана Мелилья шаар-анклавдары испандардын бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен калган. Европа континентиндеги Швейцария мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон анклавдары, Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог анклавдарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу жана азыркы учурда бул анклавдардын экономикалык саясий жактан өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-жылы Британиялык Индиянын Индия Союзуна жана Пакистанга бөлүнүшү көп сандаган анклавдардын пайда болушуна алып келген. 1971-жылы Чыгыш Пакистандын ордуна Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да анклавдык маселелерди толук чече алган жок. Совет бийлигинин 1924–27-жылдарда Орто Азия республикаларында улуттук-мамлекеттик чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн иш чараларынын натыйжасында, азыркы учурда алардын арасында бир кыйла татаал эл аралык укуктук маселеге айланган анклавдар пайда болгон. Алар: Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай анклавдары. Өзбекстан чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кыргызстандын Барак анклавдары.

С. Аламанов.