Difference between revisions of "АНКЕТАЛЫК МЕТОД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(фр. enquete – изилдөө) –

'''АНКЕТАЛЫК МЕТОД''' (фр. enquete – изилдөө) – конкреттүү социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн техникалык жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин үйрөнүүдө, социологиялык изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду билгичтик менен коюп, аларга берилүүчү мүмкүн болгон жооптордун стандарттуу варианттарын туура аныктоо. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо, анда ал түзүлгөн анкета боюнча керектүү маалыматтарды ар ким эле топтоп ала алат, ал гана эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган аймактагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жооптор алынат. Мазмуну боюнча анкетада берилүүчү суроолорду түз жана кыйыр суроолор деп эки топко бөлүүгө болот. Формасы боюнча анкетада берилүүчү суроолор ачык жана жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору көрсөтмө менен чектелбесе, башкача  айтканда күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, ачык формадагы суроолор делет. Жабык суроолордо жоопторду тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү анкетаны түзүүчү тарабынан алдын ала белгиленген варианттардын саны менен чектелет. Ачык формадагы суроолорго караганда жабык формадагы суроолорду математикалык статистика жолу менен иштеп чыгуу жеңил болот. Конкреттүү социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө анкеталарды канча адамга таратуу керек экендигин, изилдөөнүн максаты менен милдетине ылайык адамдарды тандоо, алардын жашоо-шартын, билим даражасын, жашын, кызмат абалын ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери илимий негизде чечилет.

конкреттүү социал. изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн
[[Категория:1-Том]]
тех. жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин
үйрөнүүдө, социол. изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду
билгичтик м-н коюп, аларга берилүүчү мүмкүн
болгон жооптордун стандарттуу варианттарын
туура аныктоо. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине
камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо,
анда ал түзүлгөн анкета б-ча керектүү маалыматтарды ар ким эле топтоп ала алат, ал гана
эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган аймактагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жооптор алынат. Мазмуну б-ча анкетада берилүүчү суроолорду түз ж-а кыйыр суроолор деп эки топко бөлүүгө болот. Формасы
б-ча анкетада берилүүчү суроолор ачык ж-а жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору көрсөтмө м-н чектелбесе, б. а. күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, ачык формадагы суроолор делет. Жабык суроолордо жоопторду тандап алуу
мүмкүнчүлүктөрү анкетаны түзүүчү тарабынан
алдын ала белгиленген варианттардын саны
м-н чектелет. Ачык формадагы суроолорго караганда жабык формадагы суроолорду матем. статистика жолу м-н иштеп чыгуу жеңил болот.
Конкреттүү социол. изилдөөлөрдү жүргүзгөндө
анкеталарды канча адамга таратуу керек экендигин, изилдөөнүн максаты м-н милдетине ылайык адамдарды тандоо, алардын жашоо-шартын,
билим даражасын, жашын, кызмат абалын
ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга
байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери ил. негизде чечилет.

09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНКЕТАЛЫК МЕТОД (фр. enquete – изилдөө) – конкреттүү социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн техникалык жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин үйрөнүүдө, социологиялык изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду билгичтик менен коюп, аларга берилүүчү мүмкүн болгон жооптордун стандарттуу варианттарын туура аныктоо. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо, анда ал түзүлгөн анкета боюнча керектүү маалыматтарды ар ким эле топтоп ала алат, ал гана эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган аймактагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жооптор алынат. Мазмуну боюнча анкетада берилүүчү суроолорду түз жана кыйыр суроолор деп эки топко бөлүүгө болот. Формасы боюнча анкетада берилүүчү суроолор ачык жана жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору көрсөтмө менен чектелбесе, башкача айтканда күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, ачык формадагы суроолор делет. Жабык суроолордо жоопторду тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү анкетаны түзүүчү тарабынан алдын ала белгиленген варианттардын саны менен чектелет. Ачык формадагы суроолорго караганда жабык формадагы суроолорду математикалык статистика жолу менен иштеп чыгуу жеңил болот. Конкреттүү социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө анкеталарды канча адамга таратуу керек экендигин, изилдөөнүн максаты менен милдетине ылайык адамдарды тандоо, алардын жашоо-шартын, билим даражасын, жашын, кызмат абалын ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери илимий негизде чечилет.