Difference between revisions of "АНАЛИЗДИК ХИМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(10 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– заттардын хим. курамын ж-а түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын
'''АНАЛИЗДИК ХИМИЯ''' – заттардын химиялык курамын жана түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын изилдөөчү илим. Ал 19-кылымдын башында калыптанган. Анализдик химия анализдин максатына жараша сапаттык жана сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги аныкталат. Сандык анализде булардын сандык катыштары табылат. Химиялык анализ элементтик, молекулалык жана фазалык болуп үчкө бөлүнөт. Органикалык эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми органикалык заттардын химиялык жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ менен катар молекулалык анализ жүргүзүлөт. Анализдик химиянын методдору химиялык, физикалык-химиялык  жана физикалык  болуп үч топко бөлүнөт. Химиялык  методдор аныкталуучу зат менен тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) жана газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден эркин же химиялык бирикме түрүндө бөлүп алынып, анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концентрациядагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды жана химиялык касиеттери боюнча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физикалык-химиялык жана физикалык  методдор колдонулат. Буларга рефрактометрлик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохимиялык  ж. б. ыкмалар кирет. Өнөр жайдагы технологиялык  процесстерди көзөмөлдөөдө жана айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо анализдик химия ыкмаларынын мааниси өтө чоң.
изилдөөчү илим. Ал 19-к-дын башында калыптанган. А. х. анализдин максатына жараша сапаттык ж-а сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык
анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги
аныкталат. Сандык анализде булардын
сандык катыштары табылат. Хим. анализ элементтик, мол. ж-а фазалык болуп үчкө бөлүнөт.
Орг. эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми орг. заттардын хим. жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ м-н катар мол. анализ жүргүзүлөт.
А. х-нын методцору хим., физ.-хим. ж-а физ.
болуп үч топко бөлүнөт. Хим. методдор аныкталуучу зат м-н тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) ж-а газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден
эркин же хим. бирикме түрүндө бөлүп алынып,
анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын
эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концент-дагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө
бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды ж-а хим.
касиеттери б-ча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физ.-хим. ж-а физ. методдор колдонулат. Буларга рефрактомет лик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохим.
ж. б. ыкмалар кирет. Ө. ж-дагы технол. процесстерди көзөмөлдөөдө ж-а айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо А. х. ыкмаларынын
мааниси өтө чоң.

Ад.: ''Пиккеринг'' У.Ф. Современная аналитическая
химия, пер. с анг. М., 1977; ''Пилипенко А. Т., Пятницкий М. В.'' Аналитическая химия. Кн. 1,2. М.,
1990. Аналитическая химия; В 2 т. М., 2003-2004.
''Асанов'' Ү., ''Молдобаев'' С., Анализдик химия.. Б., 2003.

С. Молдобаев.

''Ад.'': ''Пиккеринг'' У.Ф. Современная аналитическая химия, пер. с анг. М., 1977; ''Пилипенко А. Т., Пятницкий М. В.'' Аналитическая химия. Кн. 1,2. М., 1990. Аналитическая химия; В 2 т. М., 2003-2004. ''Асанов'' Ү., ''Молдобаев'' С., Анализдик химия.. Б., 2003.
С. Молдобаев.

[[Категория:1-Том]]

09:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНАЛИЗДИК ХИМИЯ – заттардын химиялык курамын жана түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын изилдөөчү илим. Ал 19-кылымдын башында калыптанган. Анализдик химия анализдин максатына жараша сапаттык жана сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги аныкталат. Сандык анализде булардын сандык катыштары табылат. Химиялык анализ элементтик, молекулалык жана фазалык болуп үчкө бөлүнөт. Органикалык эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми органикалык заттардын химиялык жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ менен катар молекулалык анализ жүргүзүлөт. Анализдик химиянын методдору химиялык, физикалык-химиялык жана физикалык болуп үч топко бөлүнөт. Химиялык методдор аныкталуучу зат менен тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) жана газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден эркин же химиялык бирикме түрүндө бөлүп алынып, анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концентрациядагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды жана химиялык касиеттери боюнча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физикалык-химиялык жана физикалык методдор колдонулат. Буларга рефрактометрлик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохимиялык ж. б. ыкмалар кирет. Өнөр жайдагы технологиялык процесстерди көзөмөлдөөдө жана айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо анализдик химия ыкмаларынын мааниси өтө чоң.

Ад.: Пиккеринг У.Ф. Современная аналитическая химия, пер. с анг. М., 1977; Пилипенко А. Т., Пятницкий М. В. Аналитическая химия. Кн. 1,2. М., 1990. Аналитическая химия; В 2 т. М., 2003-2004. Асанов Ү., Молдобаев С., Анализдик химия.. Б., 2003.
С. Молдобаев.