Difference between revisions of "АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(11 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Таабалды уулу (1878, Чоң-Кемин
'''АЛЫМКУЛ''' '''Үсөнбаев''' (1894-жыл, Талас облусу, Манас району, Кара-Арча айылы – 2. 8. 1963-жыл, Фрунзе шаары) – төкмө акын. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Алымкул 12 жашында ата-энесинен ажырап, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына таанылат. Кыргыздын улуу демократ [[File:АЛЫМКУЛ_19.png | thumb|none]]
өрөөнү, Абыла айылы – 1967) – Чоң-Кемин
акыны ''Токтогулга'' 15 жашында жолуккан. Көз карашы калыптанып келаткан жаш ырчыга Токтогул акыл-насаатын айтып, ээрчитип жүрүп, өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык багыт берген. Алымкул 25–26 жашында Талас өрөөнүнө таанымал болот. 1931-жылы Покровка районундагы «Арал» колхозуна мүчө болуп, колхоз турмушу акындын негизги темасына айланат. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына өтөт. Республиканын аймагын аралап, жаңы адамдар менен таанышуу анын акындык чеберчилигин арттырып, ырларынын идеялык маңызын тереңдеткен. 1938-жылы «Ырлар» аттуу 1-жыйнагы чыккан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, жоокерлердин эрдигин даңазалаган ырларды чыгарган. 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жардам катары 34 вагон тамак-аш жиберилген. Аны коштогон делегациянын катарында Алымкул да болгон. Ал кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын жакшы билген. Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып жарыяланган. А. Үсөнбаев чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар аткаруучу да болгон. Токтогул жөнүндө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган. Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген. Анын «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ыр» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Тандалган чыгармалардын бир томдугу» (1973, 1981) жана башка китептери жарык көргөн. Алымкул Үсөнбаев – Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку шайланышынын депутаты. Бишкек шаарында бир көчөгө, Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы мектепке, Ош облусунун Ноокат районунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун Моңол айылындагы мектепке Алымкул Үсөнбаевдин ысмы берилген. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: ''Байходжоев С.'' Алымкул Үсөнбаев. Ф., 1962; История киргизской советской литературы. М., 1970.
Б. Алагушов.

өрөөнүндө жерг. элдердин 1916-ж. улуттук-боштондук күрөшүн жетектегендердин бири.
[[Категория:1-Том]]
Анын демилгеси м-н 1916-ж. 9-августта Атаке
болуштугунда элдин падыша бийлигине каршы
көтөрүлүшү башталган. А. башында турган
жүзгө жакын көтөрүлүшчүлөр: согушка барбайбыз, андан көрө орус оторчулары м-н кармашып жатып, өз жерибизде өлөбүз, – деп ант
беришкен. Аларга ''Шабдан'' баатырдын уулдары
Мөкүш, Самүдүн ж-a ошол кездеги Атаке болуштугунун болушу ''Солтоноев Белек'' Солтонкелди уулу ж. б. таасирлүү адамдар кошулуп, алардын саны өсүп, бир нече миңге жеткен. Көтөрүлүшчүлөр Новороссийка (азыркы Шабдан),
Самсоновка станицасы (азыркы Боролдой) сыяктуу орус кыштактарына кол салышкан. Падыша аскерлеринин жазалоочу отряддары начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү тез эле
талкалаган. Жеңилген эл Кытайга качууга
аргасыз болгон. Кайра кайтып келгенден кийин Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан. А. Таабалды уулу кыргыз эл жазуучусуА. ''Токомбаевдин'' «Кандуу жылдар» романынын баш каармандарынын бири.

Т. Төлөмүшев.

09:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЫМКУЛ Үсөнбаев (1894-жыл, Талас облусу, Манас району, Кара-Арча айылы – 2. 8. 1963-жыл, Фрунзе шаары) – төкмө акын. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Алымкул 12 жашында ата-энесинен ажырап, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына таанылат. Кыргыздын улуу демократ

АЛЫМКУЛ 19.png

акыны Токтогулга 15 жашында жолуккан. Көз карашы калыптанып келаткан жаш ырчыга Токтогул акыл-насаатын айтып, ээрчитип жүрүп, өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык багыт берген. Алымкул 25–26 жашында Талас өрөөнүнө таанымал болот. 1931-жылы Покровка районундагы «Арал» колхозуна мүчө болуп, колхоз турмушу акындын негизги темасына айланат. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына өтөт. Республиканын аймагын аралап, жаңы адамдар менен таанышуу анын акындык чеберчилигин арттырып, ырларынын идеялык маңызын тереңдеткен. 1938-жылы «Ырлар» аттуу 1-жыйнагы чыккан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, жоокерлердин эрдигин даңазалаган ырларды чыгарган. 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жардам катары 34 вагон тамак-аш жиберилген. Аны коштогон делегациянын катарында Алымкул да болгон. Ал кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын жакшы билген. Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып жарыяланган. А. Үсөнбаев чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар аткаруучу да болгон. Токтогул жөнүндө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган. Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген. Анын «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ыр» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Тандалган чыгармалардын бир томдугу» (1973, 1981) жана башка китептери жарык көргөн. Алымкул Үсөнбаев – Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку шайланышынын депутаты. Бишкек шаарында бир көчөгө, Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы мектепке, Ош облусунун Ноокат районунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун Моңол айылындагы мектепке Алымкул Үсөнбаевдин ысмы берилген. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Байходжоев С. Алымкул Үсөнбаев. Ф., 1962; История киргизской советской литературы. М., 1970.
Б. Алагушов.