Difference between revisions of "АНИМАЛИСТТИК ЖАНР"
324-432>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(9 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНИМАЛИСТТИК ЖАНР''' анималистика (лат. animal – айбанат) – көркөм сүрөт искусствосунун, негизинен, жаныбарлардын сүрөтүн тартуучу түрү. Анималисттик жанрда эмгектенген сүрөтчүлөр анималист деп аталат. Алардын көпчүлүгү колдонмо көркөм сүрөт искусство чеберлери жана китеп иллюстраторлору да болушкан. Анималисттик жанрдын баштапкы үлгүлөрү байыркы заманда эле пайда болгон. Ташка чегилген байыркы сүрөттөрдө жаныбарлардын мүнөздүү белгилери так берилген. Айбанаттарды сүрөттөө байыркы скульптурада, ваза жазууларында, мозаикада да көп учурайт. ''Кайра жаралуу'' доорундагы сүрөтчүлөр айбандарды натурадан тарта башташкан (Писанелло, А. Дюрер). Бирок пейзажга, натюрмортко жана тиричиликке байланышкан өзгөчө анималисттик жанр жана нукура анималист сүрөтчүлөр Кытайда Тан (Хан Хуан, 8-кылым) жана Сун (Му-пи, 13-кылым) доорунда, Европада 17-кылымда пайда болгон. 18-кылымдагы Францияда (Ж. Б. Удри), Россияда (И. Ф. Гроот), 19-20-кылымдарда анималисттик жанр көп өлкөлөрдүн искусствосуна тараган. Ошол убактагы анималист – сүрөтчүлөр В. А. Серов, Ф. Марк, П. Пикассо, С. Дали ж. б-дын чыгармалары белгилүү. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн бул жанрда С. Акылбеков, Б. Жумабаев, К. Давлетов, А. Касымалиев, М. Ахмедов эмгектенишкен.
Ад.: ''Ватагин В. А.'' Изображение животного. М., 1967..

(лат. animal – айбанат) – көркөм сүрөт | [[Категория:1-Том]] | ||
Айбанаттарды сүрөттөө байыркы скульптурада, | |||
ваза жазууларында, мозаикада да көп учурайт. | |||
''Кайра жаралуу'' доорундагы сүрөтчүлөр айбандарды натурадан тарта башташкан (Писанелло, А. Дюрер). Бирок пейзажга, натюрмортко | |||
ж-а тиричиликке байланышкан өзгөчө | |||
ж-а нукура анималист сүрөтчүлөр Кытайда Тан | |||
(Хан Хуан, 8- | |||
Францияда (Ж. Б. Удри), Россияда (И. Ф. Гроот), | |||
19-20- | |||
тараган. Ошол убактагы анималист – сүрөтчүлөр | |||
В. А. Серов, Ф. Марк, П. Пикассо, С. Дали ж. | |||
б-дын чыгармалары белгилүү. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн бул жанрда С. Акылбеков, Б. Жумабаев, К. Давлетов, А. Касымалиев, М. Ахмедов | |||
эмгектенишкен.

Ад.: ''Ватагин В. А.'' Изображение животного. М., | |||
1967.

09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНИМАЛИСТТИК ЖАНР анималистика (лат. animal – айбанат) – көркөм сүрөт искусствосунун, негизинен, жаныбарлардын сүрөтүн тартуучу түрү. Анималисттик жанрда эмгектенген сүрөтчүлөр анималист деп аталат. Алардын көпчүлүгү колдонмо көркөм сүрөт искусство чеберлери жана китеп иллюстраторлору да болушкан. Анималисттик жанрдын баштапкы үлгүлөрү байыркы заманда эле пайда болгон. Ташка чегилген байыркы сүрөттөрдө жаныбарлардын мүнөздүү белгилери так берилген. Айбанаттарды сүрөттөө байыркы скульптурада, ваза жазууларында, мозаикада да көп учурайт. Кайра жаралуу доорундагы сүрөтчүлөр айбандарды натурадан тарта башташкан (Писанелло, А. Дюрер). Бирок пейзажга, натюрмортко жана тиричиликке байланышкан өзгөчө анималисттик жанр жана нукура анималист сүрөтчүлөр Кытайда Тан (Хан Хуан, 8-кылым) жана Сун (Му-пи, 13-кылым) доорунда, Европада 17-кылымда пайда болгон. 18-кылымдагы Францияда (Ж. Б. Удри), Россияда (И. Ф. Гроот), 19-20-кылымдарда анималисттик жанр көп өлкөлөрдүн искусствосуна тараган. Ошол убактагы анималист – сүрөтчүлөр В. А. Серов, Ф. Марк, П. Пикассо, С. Дали ж. б-дын чыгармалары белгилүү. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн бул жанрда С. Акылбеков, Б. Жумабаев, К. Давлетов, А. Касымалиев, М. Ахмедов эмгектенишкен.
Ад.: Ватагин В. А. Изображение животного. М., 1967..