Difference between revisions of "АНДРЕЙ РУБЛЁВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(13 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(1370-ж. чен – 1430-ж. чен,
'''АНДРЕЙ РУБЛЁВ''' (1370–1430, Москва, Спасо-Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-жылдар чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6 (19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4 (17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.

Москва, Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Р-дун көз карашынын калыптанышына 14-к-дын 2-жарымы – 15-к-дын
[[Категория:1-Том]]
башындагы Москва Русунун улуттук моралы,
рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын о.
кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил»
(экөө тең 14-15-к., Третьяков гал.) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы м-н адепахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Р-дун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда ж-а

Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Р. өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште»
(Третьяков гал.) иконасын жараткан (1412- же
1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-к-дын

жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол м-н 1410-ж. «Үч
периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып
турат). Тегерек композициясы периштелердин
ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы м-н толукталган. А. Р-дун чыгармалары маалыматтар
б-ча толугу м-н бизге жеткен жок. Болжол м-н
анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил м-н А. Р-го таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар
кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-ж.
өрттөнүп кеткен. А. Р. көпчүлүк чыгармаларын
шериктери м-н бирдикте иштеген, ошондуктан
анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден
бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Р. м-н Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу
эң чоң композициясынан калган калдыктар бар.
«Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер
живописчи: нефтин борб. сводунун батыш бөлүгүн А. Р., ал эми түш. нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Р-дун иск-восу 15-кдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн.
1947-ж. Андронников монастырында Андрей
Рублёв атн. Байыркы орус иск-восунун музейи
ачылган. А. Р-ду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж
касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп
турат. ''А. Оморова.''

09:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНДРЕЙ РУБЛЁВ (1370–1430, Москва, Спасо-Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-жылдар чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6 (19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4 (17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.