Difference between revisions of "АМУНДСЕН"
324-432>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(11 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМУНДСЕН''' Руаль (16.07.1872, Борге шаары, Томта хутору, Осло шаарына жакын – 18.6.1928) – норвегиялык уюл саякатчы жана изилдөөчү. Борге шаарында Вервен кеме верфинин ээси, кеме капитанынын үй-бүлөсүндө туулган. Кристиания (азыркы Осло) шаарындагы университеттин медицина факультетин бүтүргөн. 1897–99-жылдары Амундсен Жерлаш жетектеген Антарктиканы изилдеген бельгиялык экспедицияга алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч жолу кыштап, Түндүк-Батыш өткөөл аркылуу өтүп, Гренландиядан | |||
хутору, Осло | [[File:АМУНДСЕН_55.png | thumb|none]] | ||
Аляскага чейин Түндүк Американы биринчилерден болуп айланып өткөн. Антарктидада Россшельф муздугу (800 кмден ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан.
«Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган англиялык экспедициядан бир ай мурда, 1911-жылы 14-декабрда Түштүк уюлга жетет. 1918–20-жылы «Мод» кемеси менен Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын аныктаган. 1926-жылы Шпицберген – Түндүк уюл Аляска маршруту боюнча «Норвегия» дирижаблинде учкан 1-трансарктикалык экспедицияга жетекчилик кылып, Түндүк уюл менен Барроу тумшугунун ортосунда кургактыктын жок экенин аныктаган. Түндүк Муз океанында кыйроого учураган италиялык саякатчы У. Нобиленин экспедициясына жардам берүү үчүн Амундсен 1928-жылы 18-июнда «Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл экипажы менен Баренц деңизинде өлөт. Амундсендин ысымы менен Антарктидадагы деңиз, тоо, Амундсен Скотт атындагы америкалык илимий станция жана Түндүк Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.
Ад.: ''Дьяконов М.,'' Амундсен, М., 1937; ''Яковлев А.'' Р. Амундсен. М., 1957; ''Пасецкий В., Блинов С.'' Р. Амундсен. М., 1997. | |||
алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч | |||
[[File:АМУНДСЕН_55.png | thumb | none]] | |||
өткөн. Антарктидада | |||
ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан.

«Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны | |||
башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган | |||
экспедициядан бир ай мурда, 1911- | |||
м-н Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын | |||
аныктаган. 1926- | |||
Аляска маршруту | |||
аныктаган. | |||
«Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл | |||
экипажы м-н Баренц деңизинде өлөт. | |||
Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.

Ад.: ''Дьяконов М.,'' Амундсен, М., 1937; ''Яковлев | |||
А.'' Р. Амундсен. М., 1957; ''Пасецкий В., Блинов С.'' Р. | |||
Амундсен. М., 1997. | |||
''Т. Ниязов.''

[[Категория:1-Том]] |
09:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АМУНДСЕН Руаль (16.07.1872, Борге шаары, Томта хутору, Осло шаарына жакын – 18.6.1928) – норвегиялык уюл саякатчы жана изилдөөчү. Борге шаарында Вервен кеме верфинин ээси, кеме капитанынын үй-бүлөсүндө туулган. Кристиания (азыркы Осло) шаарындагы университеттин медицина факультетин бүтүргөн. 1897–99-жылдары Амундсен Жерлаш жетектеген Антарктиканы изилдеген бельгиялык экспедицияга алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч жолу кыштап, Түндүк-Батыш өткөөл аркылуу өтүп, Гренландиядан
Аляскага чейин Түндүк Американы биринчилерден болуп айланып өткөн. Антарктидада Россшельф муздугу (800 кмден ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан.
«Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган англиялык экспедициядан бир ай мурда, 1911-жылы 14-декабрда Түштүк уюлга жетет. 1918–20-жылы «Мод» кемеси менен Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын аныктаган. 1926-жылы Шпицберген – Түндүк уюл Аляска маршруту боюнча «Норвегия» дирижаблинде учкан 1-трансарктикалык экспедицияга жетекчилик кылып, Түндүк уюл менен Барроу тумшугунун ортосунда кургактыктын жок экенин аныктаган. Түндүк Муз океанында кыйроого учураган италиялык саякатчы У. Нобиленин экспедициясына жардам берүү үчүн Амундсен 1928-жылы 18-июнда «Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл экипажы менен Баренц деңизинде өлөт. Амундсендин ысымы менен Антарктидадагы деңиз, тоо, Амундсен Скотт атындагы америкалык илимий станция жана Түндүк Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.
Ад.: Дьяконов М., Амундсен, М., 1937; Яковлев А. Р. Амундсен. М., 1957; Пасецкий В., Блинов С. Р. Амундсен. М., 1997.
Т. Ниязов.