Difference between revisions of "АДРИЯ ДЕҢИЗИ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДРИЯ''' деңизи – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Балкан жарым аралынын аралыгында. Италия, Словения, Хорватия, Босния <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысыгы аркылуу Иония деңизи <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> туташат. Аянты 144 миң ''км<sup>2</sup>.'' Эң терең жери 1230 ''м.'' Чыгыш жээгине жакын ''Далмация аралдары'' жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун температурасы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуулугу 35тен 38%га чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1,2 ''м).'' Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Черногория), Дуррес, Влера (Албания). | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДРИЯ деңизи – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жана Балкан жарым аралынын аралыгында. Италия, Словения, Хорватия, Босния жана Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысыгы аркылуу Иония деңизи менен туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун температурасы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуулугу 35тен 38%га чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть жана газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Черногория), Дуррес, Влера (Албания).