Difference between revisions of "«АК МАКТЫМ» дастаны"
м (1 версия) |
м (→top: clean up) |
||
(8 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АК МАКТЫМ»''' – кыргыздарга арман дастаны катары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жайылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑кылымга ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюжети (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып баратканда «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жыгылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы менен бүтөт. <br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
16:18, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
«АК МАКТЫМ» – кыргыздарга арман дастаны катары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жайылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑кылымга ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюжети (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз жана ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну менен Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып баратканда «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жыгылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы менен бүтөт.