Difference between revisions of "АК КУУЛАР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК КУУЛАР''' (Суgnus) – каз сымалдар түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 ''см''гe чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.

[[Категория:1-Том]] |
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АК КУУЛАР (Суgnus) – каз сымалдар түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смгe чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.