Difference between revisions of "АК-БОГУС АШУУСУ"
180-227>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-БОГУС АШУУСУ''' – Академик Адышев кырка тоосунун Ак‑Богус (түндүк) жана Дагдул (түштүк-батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3800 ''м'' бийиктикте. Ак‑Богус (түштүк-чыгыш) жана Буйга (түндүк-батыш) өрөөндөрүн байланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмак‑Суу, жогоркусу Ак‑Богус. Калмак‑Суу ашуусу тик, аскалуу, Ак‑Богус тайпаң жон, кум шагылдуу жана байыркы мореналуу. Ак-Богус ашуусу аркылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке жана Гүлчө өрөөндөрү менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токойлуу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шалбаа жана субальп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Июнь–октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2‑бөлүгү кыргыз диалектинде жана айрым түрк тилдеринде «богус», «богоз», «богос», «бугаз» формаларында кездешип, тоолордогу өткөөл, булуң, кокту‑колоттордун кошулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АК-БОГУС АШУУСУ – Академик Адышев кырка тоосунун Ак‑Богус (түндүк) жана Дагдул (түштүк-батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3800 м бийиктикте. Ак‑Богус (түштүк-чыгыш) жана Буйга (түндүк-батыш) өрөөндөрүн байланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмак‑Суу, жогоркусу Ак‑Богус. Калмак‑Суу ашуусу тик, аскалуу, Ак‑Богус тайпаң жон, кум шагылдуу жана байыркы мореналуу. Ак-Богус ашуусу аркылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке жана Гүлчө өрөөндөрү менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токойлуу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шалбаа жана субальп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Июнь–октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2‑бөлүгү кыргыз диалектинде жана айрым түрк тилдеринде «богус», «богоз», «богос», «бугаз» формаларында кездешип, тоолордогу өткөөл, булуң, кокту‑колоттордун кошулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.