Difference between revisions of "АККАД"
Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)
(11 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(Аккаде, Агаде) – ''Месопатамиянын'' түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгаш­кан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыр­кы Аббу‑Хабба ш‑на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22‑к‑да А. шаа­ры Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопатамия ж‑а ''Элам'' кирген. А. шаарын жогорулаткан ж‑а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261‑ж. баш­карган) Саргониддер династиясына негиз сал­ган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош өзөн) аралыгы­нын түн. бөлүгүнө, ''Кичи Азияга,'' Эламга жор­туулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бий­лик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине ''Шу­мер'' каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопата­миянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайга­шып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси
'''АККАД''', А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар шаарына (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. Аккад бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер  келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган ''Иштар ''кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. Аккад б. з. ч. 24–22-кылымдарда (Төмөнкү Месопотамияны толугу менен камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк Аккад  Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, Аккад мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-жылдар башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш жана Маништуш, небереси Нарам-Суэн жана чөбөрөсү Шарналишарри башкарып жана анча белгилүү эмес  башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги менен Шумер ному (административ-аймактык бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга жана Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу менен Сирияга  кол салышып, лулпубеялар менен Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңкталган. Акадда убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк  менен  соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, ошондой  эле армиясы чыңдалган.
[[Категория:1-Том]]
09:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АККАД, А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар шаарына (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. Аккад бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган Иштар кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. Аккад б. з. ч. 24–22-кылымдарда (Төмөнкү Месопотамияны толугу менен камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк Аккад Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, Аккад мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-жылдар башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш жана Маништуш, небереси Нарам-Суэн жана чөбөрөсү Шарналишарри башкарып жана анча белгилүү эмес башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги менен Шумер ному (административ-аймактык бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга жана Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу менен Сирияга кол салышып, лулпубеялар менен Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңкталган. Акадда убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк менен соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, ошондой эле армиясы чыңдалган.