Difference between revisions of "АКИТАШ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКИТАШ''' – акиташ, карбонат тоо тектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгыздыгы 3,4 ''г/см<sup>3</sup>.'' Акиташтын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> гидравликалык акиташ болуп айырмаланат. Аба акиташы табигый кальций‑магний карбонат тектерин шахта, айланып туруучу мештерде 1000–1200°Сда бышыруудан алынат. Негизинен СаО <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> MgOдон турат. Курулуш ишинде, химиялык өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, айыл чарбасында, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдонулат. Гидравликалык акиташ карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900–1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> кальций ферратынан турат. Гидравликалык акиташ аба акиташына караганда техникалык касиети боюнча табияттын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКИТАШ – акиташ, карбонат тоо тектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгыздыгы 3,4 г/см3. Акиташтын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба жана гидравликалык акиташ болуп айырмаланат. Аба акиташы табигый кальций‑магний карбонат тектерин шахта, айланып туруучу мештерде 1000–1200°Сда бышыруудан алынат. Негизинен СаО жана MgOдон турат. Курулуш ишинде, химиялык өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, айыл чарбасында, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдонулат. Гидравликалык акиташ карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900–1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат жана кальций ферратынан турат. Гидравликалык акиташ аба акиташына караганда техникалык касиети боюнча табияттын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.