Difference between revisions of "АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ"
Jump to navigation
Jump to search
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ''' – биздин заманга 1–5‑кылымдарында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 ''км)'' жайгашкан. Бийиктиги 0,3— 0,8 ''м,'' диаметри 12 ''м'' чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу жана башкалар табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑жылы ''А. К. Кибиров'' тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
''К. Табалдиев.''

[[Категория:1-Том]] | |||
09:16, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга 1–5‑кылымдарында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийиктиги 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу жана башкалар табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑жылы А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.