Difference between revisions of "ААРЫ УУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  –жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү хим. аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин ж. б. болот. А. у. кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол м-н 0,2-0,3 ''мг'' уу бөлүп чыгарат ж-a ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция м-н жооп кайтарат. А. у. элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. А. у-нан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. А. у-нун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң ж. б. четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр ж. б. ооруларына суюк май түрүндө пайдаланылат.
'''ААРЫ УУСУ''' – жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү химиялык аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин жана башкалар  болот. Аары уусу кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> 0,2-0,3 ''мг'' уу бөлүп чыгарат жанa ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жооп кайтарат. Аары уусу элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. Аары уусунан 1-жолу 1927-жылы Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. Аары уусунун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң жана башка четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр жана башка ооруларга суюк май түрүндө пайдаланылат.
[[Категория:1-Том]]

16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ААРЫ УУСУ – жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү химиялык аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин жана башкалар болот. Аары уусу кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол менен 0,2-0,3 мг уу бөлүп чыгарат жанa ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция менен жооп кайтарат. Аары уусу элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. Аары уусунан 1-жолу 1927-жылы Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. Аары уусунун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң жана башка четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр жана башка ооруларга суюк май түрүндө пайдаланылат.