Difference between revisions of "АДРЕНАЛИН"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
| (7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДРЕНАЛИН''' – бөйрөк үстүндөгү без клеткалары иштеп чыгуучу биологиялык активдүү гормон. Химиялык формуласы C<sub>9</sub>H<sub>13</sub>0<sub>3</sub>N, мол. салмагы 183, 21, эрүү t 216°С, оптикалык 2 изомери кездешет. Кислота <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> щелочтордо, ысык сууда жакшы, органикалык эриткичтерде начар эрүүчү, ак түстөгү кристалл. Ал кан аркылуу органдарга тарап, канда 0,06 ''мкг/л'' жакын өлчөмдө болот, бирок адам, жаныбар катуу чочуганда, кара жумуш иштегенде же катуу сүйүнгөндө, капа болгонда анын концентрациясы бир секундада 1000 эсеге чейин көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул шартка ыңгайланышат. Ареналиндин гомологдору норадреналин, изопропиладреналин табылган. Алар организмдеги зат алмашууну жөнгө салуу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> жүрөк, кан тамыр, булчуң, ички органдардын иштешине көмөк көрсөтөт.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДРЕНАЛИН – бөйрөк үстүндөгү без клеткалары иштеп чыгуучу биологиялык активдүү гормон. Химиялык формуласы C9H1303N, мол. салмагы 183, 21, эрүү t 216°С, оптикалык 2 изомери кездешет. Кислота менен щелочтордо, ысык сууда жакшы, органикалык эриткичтерде начар эрүүчү, ак түстөгү кристалл. Ал кан аркылуу органдарга тарап, канда 0,06 мкг/л жакын өлчөмдө болот, бирок адам, жаныбар катуу чочуганда, кара жумуш иштегенде же катуу сүйүнгөндө, капа болгонда анын концентрациясы бир секундада 1000 эсеге чейин көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул шартка ыңгайланышат. Ареналиндин гомологдору норадреналин, изопропиладреналин табылган. Алар организмдеги зат алмашууну жөнгө салуу менен жүрөк, кан тамыр, булчуң, ички органдардын иштешине көмөк көрсөтөт.