Difference between revisions of "АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– мугалимдин предмет б‑ча адистик теор. билимин, методикалык чеберчилигин, тар­биялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорула­тууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары б‑ча теор. даярдык деңгээлин көтөрүүчү ил. теориялар, мыйзамдар, концеп циялар, гипотезалар, методдор б‑ча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кай­сы бир окуу предмети б‑ча билим берүүнүн жал пы проблемаларын ж‑а анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык ж‑а класс­тан тышкаркы окууларды уюштуруу формала­рын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топ ко – айрым алынган предметтер б‑ча програм­малык материалдарды окутуу б‑ча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизин­де чечүүнүн методикалык жол‑жоболору б‑ча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет б‑ча окуучу­лардын жалпы таанып‑билүү ж‑а таалим‑тар­бия берүү проблемаларына, идеялык, патриот­тук, интернационалдык, эстетикалык, экон., экол. ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабор.-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюш­турууга арналат. Ал эми окуу хрестоматияла­ры, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер ж‑а текшерүү иштеринин, баяндама ж‑а дилбаяндардын (со чинениелердин), тексттердин жыйнактары ме тодикалык топтомдордун алтынчы тобуна ки рет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалы мат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топ томдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот.

'''АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ''' – мугалимдин предмет боюнча адистик теориялык жактан билимин, методикалык чеберчилигин, тар­биялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорула­тууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары боюнча теориялык даярдык деңгээлин көтөрүүчү илимий теориялар, мыйзамдар, концепциялар, гипотезалар, методдор боюнча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кай­сы бир окуу предмети боюнча билим берүүнүн жалпы проблемаларын жана анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык жана класс­тан тышкаркы окууларды уюштуруу формала­рын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топко – айрым алынган предметтер боюнча програм­малык материалдарды окутууда конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизин­де чечүүнүн методикалык жол‑жоболору боюнча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет боюнча окуучу­лардын жалпы таанып‑билүү жана таалим‑тар­бия берүү проблемаларына, идеялык, патриот­тук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабороториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюш­турууга арналат. Ал эми окуу хрестоматияла­ры, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер жана текшерүү иштеринин, баяндама жана дилбаяндардын (сочинениелердин), тексттердин жыйнактары методикалык топтомдордун алтынчы тобуна кирет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот. ''И. Бекбоев.''

''И. Бекбоев.''

[[Категория:1-Том]]

08:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ – мугалимдин предмет боюнча адистик теориялык жактан билимин, методикалык чеберчилигин, тар­биялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорула­тууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары боюнча теориялык даярдык деңгээлин көтөрүүчү илимий теориялар, мыйзамдар, концепциялар, гипотезалар, методдор боюнча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кай­сы бир окуу предмети боюнча билим берүүнүн жалпы проблемаларын жана анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык жана класс­тан тышкаркы окууларды уюштуруу формала­рын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топко – айрым алынган предметтер боюнча програм­малык материалдарды окутууда конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизин­де чечүүнүн методикалык жол‑жоболору боюнча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет боюнча окуучу­лардын жалпы таанып‑билүү жана таалим‑тар­бия берүү проблемаларына, идеялык, патриот­тук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабороториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюш­турууга арналат. Ал эми окуу хрестоматияла­ры, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер жана текшерүү иштеринин, баяндама жана дилбаяндардын (сочинениелердин), тексттердин жыйнактары методикалык топтомдордун алтынчы тобуна кирет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот. И. Бекбоев.