Difference between revisions of "АДИГИНЕ-ТАГАЙ"
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДИГИНЕ-ТАГАЙ''' – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү аталары. Санжыра боюнча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөндүгүнө байланыштуу оң канат урууларын Адигине-Тагай уруулары деп атап калышкан. Уламыш боюнча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кайтып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Адигиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинесинен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Адигине, Тагай 15‑кылымдын экинчи жарымы – 16‑кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары Адигине-Тагай урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑кылымга таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар боюнча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында Адигине-Тагай урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук бирикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жедигер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңолдор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. Адигине-Тагай уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. Адигине-Тагай бирикмесиндеги уруулар негизинен Кыргызстандын түндүк, борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат райондорунун көпчүлүк жерлеринде, ошондой эле Кытайдагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу облусунда адигине уруулары, тагай уруулары болсо, Талас өрөөнүнөн сырткары Түндүк Кыргызстандын бардык аймактарында, Жалал‑Абад облусунун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак райондорунун айрым жерлеринде отурукташкан. | |||
оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, | |||
алар жагалмай тамга ж | |||
батыш аймагындагы | |||
Токтогул, Аксы, | |||

''Р. Жолдошов.'' | |||

[[Категория:1-Том]] |
08:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДИГИНЕ-ТАГАЙ – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү аталары. Санжыра боюнча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөндүгүнө байланыштуу оң канат урууларын Адигине-Тагай уруулары деп атап калышкан. Уламыш боюнча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кайтып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Адигиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинесинен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Адигине, Тагай 15‑кылымдын экинчи жарымы – 16‑кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары Адигине-Тагай урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑кылымга таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар боюнча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында Адигине-Тагай урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук бирикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жедигер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңолдор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. Адигине-Тагай уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. Адигине-Тагай бирикмесиндеги уруулар негизинен Кыргызстандын түндүк, борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат райондорунун көпчүлүк жерлеринде, ошондой эле Кытайдагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу облусунда адигине уруулары, тагай уруулары болсо, Талас өрөөнүнөн сырткары Түндүк Кыргызстандын бардык аймактарында, Жалал‑Абад облусунун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак райондорунун айрым жерлеринде отурукташкан.
Р. Жолдошов.