Difference between revisions of "АДВОКАТУРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– жарандарга ж‑а уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж‑а баш ка органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын ин‑т. А‑нын алгачкы фор­малары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтар­дын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун тууганда­ры, достору ж‑а белгилүү патрицийлер (патрон­дор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор
'''АДВОКАТУРА''' – жарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын институт. Адвокатуранын алгачкы фор­малары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтар­дын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун тууганда­ры, достору жана белгилүү патрицийлер (патрон­дор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды тү­шүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Би­лимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокат­тар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо Адвокатуранын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокат­тын ролу өтө эле чектелген болсо,
башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды тү­шүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Би­лимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокат­тар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо А‑нын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокат­тын ролу өтө эле чектелген болсо, 13–14‑к‑да Батыш Европада адвокаттык сословиелер пай да болгон. А‑нын андан ары өнүгүшүнө бурж.­демокр. кайра куруу процессинде адамдын не гизги укугу, эркиндиги ж‑а жарандуулугу туу ралуу, о. эле ачык сот ж‑дөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кырг‑н СССРдин курамындагы мезгилде А‑нын укуктары ж‑а милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболо­руна ылайык жүргүзүлөт. А‑нын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, о. эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. А‑нын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого мук­таждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү ж‑а аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑тех. куралдар м‑н камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө ж‑а сот органдарынын алдын ала белги­леген убакыты б‑ча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Респ‑да, облустар­да, райондордо, шаарларда адвокаттар колле­гиясы, юрид. консультациялар уюштурулган. А‑нын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. А. жарандардын, ишкана­лардын, мекемелердин, о. эле уюмдардын укук тарын ж‑а мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор гоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көр­сөтөт. ''Ч. И. Арабаев.''

13–14‑кылымдарда Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. Адвокатуранын андан ары өнүгүшүнө буржуазиялык ­ демократиялык  кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги жана жарандуулугу тууралуу, ошондой  эле ачык сот жөнүндөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кыргызстан СССРдин курамындагы мезгилде Адвокатуранын укуктары жана милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболо­руна ылайык жүргүзүлөт. Адвокатуранын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, ошондой эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. Адвокатуранын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого мук­таждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү жана аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑техникалык  куралдар менен камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө жана сот органдарынын алдын ала белги­леген убакыты боюнча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Республикада, облустар­да, райондордо, шаарларда адвокаттар колле­гиясы, юридикалык  консультациялар уюштурулган. Адвокатуранын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. Адвокатура  жарандардын, ишкана­лардын, мекемелердин, ошондой  эле уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көр­сөтөт.
''Ч.И. Арабаев.''

[[Категория:1-Том]]

08:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДВОКАТУРА – жарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын институт. Адвокатуранын алгачкы фор­малары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтар­дын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун тууганда­ры, достору жана белгилүү патрицийлер (патрон­дор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды тү­шүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Би­лимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокат­тар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо Адвокатуранын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокат­тын ролу өтө эле чектелген болсо,

Ч.И. Арабаев.