Difference between revisions of "АДАМКАЛЫЙ Байбатыров"
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМКАЛЫЙ''' '''Байбатыров''' (1895, Чүй облусу, Кант району, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе шаары) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). Адамкалый Байбатыров 1925‑30-жылдары айылдык советтин төрагасы, 1931‑жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти, 1937‑жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көрсөтө баштаган. 1918‑21‑жылдары Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөткөн. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-жылы туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.<br> | |||
Ад.: ''Кумүшалиев К., Алагушов Б.'' Адамкалый. «Ала-Тоо». 1969, № 11.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАМКАЛЫЙ Байбатыров (1895, Чүй облусу, Кант району, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе шаары) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). Адамкалый Байбатыров 1925‑30-жылдары айылдык советтин төрагасы, 1931‑жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти, 1937‑жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка менен кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көрсөтө баштаган. 1918‑21‑жылдары Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөткөн. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-жылы туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.
Ад.: Кумүшалиев К., Алагушов Б. Адамкалый. «Ала-Тоо». 1969, № 11.