Difference between revisions of "АВТОМАТТЫК КАТАР"
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (→top: категория кошуу) |

(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВТОМАТТЫК КАТАР''' (орусча Автоматическая линия) ‒ буюмду же анын бөлүгүн толук жасоо үчүн иштелүүчү бардык операцияларды белгилүү технологиялык ыраат менен автоматтык түрдө аткаруучу машиналардын, негизги жана көмөкчү жабдуулардын системасы. Алгачкы автоматтык катар 20-кылымдын башталышында технологиялык процесс жабык автоматтык режимде гана өтүүчү бир катар өндүрүштө пайда болгон. 1930-жылдарда агымдык өндүрүш ыкмасы менен иштеген машина куруучу ишканаларда (эӊ башкысы механикалык цехтерде) тестер (станоктор) ортосунда жылдыруу үчүн транспортерду пайдалануу менен иштетүүнүн удаалаштыгына туура келүүчү мурда иштеп жаткан жабдуулар жайгаштырылган. Автоматтык катарды куруу, ишке киргизүү ‒ өндүрүштү автоматташтыруунун негизги этаптарынын бири. Мында сырье берүү, металл эритүү, тетик куюу, аны термиялык, механикалык жана дат баспагандай иштетүү, сапатын текшерүү, даяр продукцияны ороп, яшиктерге салып жөнөтүүгө чейинки бүт процесс толук автоматташтырылат. Белгилүү формадагы жана өлчөмдөгү буюмдарды иштетүүгө арналганы ‒ а т а й ы н, ал эми параметрлери бирдей болгон бир түрдүү буюмдарды иштетүүгө арналганы а т а й ы л а ш т ы р ы л г а н автоматтык катар деп аталат. Булар негизинен массалык өндүрүштө, ал эми тез өзгөртүлүүчү у н и в е р с а л д у у автоматтык катар сериялык өндүрүштө колдонулат. Алар өндүрүштүн көлөмүнө, технологиялык процесстердин түрүнө жараша жайгаштырылып, ж а р ы ш а жана у д а а л а ш иштөөчү автоматтык катар болуп бөлүнөт. Иштетилүүчү тетиктерди бир орундан экинчисине жылдыруу үчүн, атайын транспорт системасы пайдаланылат. Буюмдун конструкциясына, формасына жана өлчөмүнө карата ''транспортёр'' кадамдуу, штангалуу, грейфелүү, чынжырлуу ж. б. болуп жасалат. Булар көбүнчө чоӊ буюмдарды иштетүүчү автоматтык катарда колдонулат. | |||
автоматтык режимде гана өтүүчү бир катар өндүрүштө пайда болгон. 1930-жылдарда агымдык өндүрүш ыкмасы м-н иштеген машина куруучу ишканаларда (эӊ башкысы | |||
Ад.: ''Шаумян Г. А.'' Автоматы и автоматические линии. 3-е изд. М., 1961; Металлорежущие станки и автоматы . Под ред. А. С. Проникова. М., 1981; ''Схиртладзе А. Г., Новиков В. Ю.'' Технологическое оборудование машиностроительных производств. М., 2002. | Ад.: ''Шаумян Г. А.'' Автоматы и автоматические линии. 3-е изд. М., 1961; Металлорежущие станки и автоматы . Под ред. А. С. Проникова. М., 1981; ''Схиртладзе А. Г., Новиков В. Ю.'' Технологическое оборудование машиностроительных производств. М., 2002. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВТОМАТТЫК КАТАР (орусча Автоматическая линия) ‒ буюмду же анын бөлүгүн толук жасоо үчүн иштелүүчү бардык операцияларды белгилүү технологиялык ыраат менен автоматтык түрдө аткаруучу машиналардын, негизги жана көмөкчү жабдуулардын системасы. Алгачкы автоматтык катар 20-кылымдын башталышында технологиялык процесс жабык автоматтык режимде гана өтүүчү бир катар өндүрүштө пайда болгон. 1930-жылдарда агымдык өндүрүш ыкмасы менен иштеген машина куруучу ишканаларда (эӊ башкысы механикалык цехтерде) тестер (станоктор) ортосунда жылдыруу үчүн транспортерду пайдалануу менен иштетүүнүн удаалаштыгына туура келүүчү мурда иштеп жаткан жабдуулар жайгаштырылган. Автоматтык катарды куруу, ишке киргизүү ‒ өндүрүштү автоматташтыруунун негизги этаптарынын бири. Мында сырье берүү, металл эритүү, тетик куюу, аны термиялык, механикалык жана дат баспагандай иштетүү, сапатын текшерүү, даяр продукцияны ороп, яшиктерге салып жөнөтүүгө чейинки бүт процесс толук автоматташтырылат. Белгилүү формадагы жана өлчөмдөгү буюмдарды иштетүүгө арналганы ‒ а т а й ы н, ал эми параметрлери бирдей болгон бир түрдүү буюмдарды иштетүүгө арналганы а т а й ы л а ш т ы р ы л г а н автоматтык катар деп аталат. Булар негизинен массалык өндүрүштө, ал эми тез өзгөртүлүүчү у н и в е р с а л д у у автоматтык катар сериялык өндүрүштө колдонулат. Алар өндүрүштүн көлөмүнө, технологиялык процесстердин түрүнө жараша жайгаштырылып, ж а р ы ш а жана у д а а л а ш иштөөчү автоматтык катар болуп бөлүнөт. Иштетилүүчү тетиктерди бир орундан экинчисине жылдыруу үчүн, атайын транспорт системасы пайдаланылат. Буюмдун конструкциясына, формасына жана өлчөмүнө карата транспортёр кадамдуу, штангалуу, грейфелүү, чынжырлуу ж. б. болуп жасалат. Булар көбүнчө чоӊ буюмдарды иштетүүчү автоматтык катарда колдонулат.
Ад.: Шаумян Г. А. Автоматы и автоматические линии. 3-е изд. М., 1961; Металлорежущие станки и автоматы . Под ред. А. С. Проникова. М., 1981; Схиртладзе А. Г., Новиков В. Ю. Технологическое оборудование машиностроительных производств. М., 2002.