Difference between revisions of "АКЧА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. А. товардык өндүрүштүн пайда болуу ж-а өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда А-нын, б. а. эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал А. талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. А. товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы ж-а нарк таандык. А-нын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бир
‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. А. товардык өндүрүштүн пайда болуу ж-а өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда А-нын, б. а. эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал А. талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. А. товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы ж-а нарк таандык. А-нын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. А. милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. А. чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.

дей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. А. милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. А. чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.

Б. з. ч. 3-к-да хунндар А. ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-к-да салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-к.) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, а. и. кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-к-дын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш м-н чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан респ-нын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери ж-а византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-к-дын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим ш-ларында чыгарылып турган. Исфиджаб ш-нда атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. О. эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.

«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко комп. А. ''Малдыбаевдин,'' 5 сомдукка ‒ бийчи Б. ''Бейшеналиеванын,'' 10 сомдукка ‒ окумуштуу К.'' Тыныстановдун,'' 20 сомдукка ‒ акын ''Тоголок Молдонун,'' 50 сомдукка‒ ''Курманжан ''датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. ''Сатылгановдун,'' 200 сомдукка ‒ акын А. ''Осмоновдун,'' 500 сомдукка ‒ манасчы С. ''Каралаев дин, ''1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. ''Баласагындын'' сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. ''Сом. А. Кулов.''

15:51, 6 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. А. товардык өндүрүштүн пайда болуу ж-а өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда А-нын, б. а. эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал А. талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. А. товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы ж-а нарк таандык. А-нын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. А. милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. А. чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.
Б. з. ч. 3-к-да хунндар А. ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-к-да салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-к.) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, а. и. кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-к-дын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш м-н чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан респ-нын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери ж-а византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-к-дын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим ш-ларында чыгарылып турган. Исфиджаб ш-нда атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. О. эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.
«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко комп. А. Малдыбаевдин, 5 сомдукка ‒ бийчи Б. Бейшеналиеванын, 10 сомдукка ‒ окумуштуу К. Тыныстановдун, 20 сомдукка ‒ акын Тоголок Молдонун, 50 сомдукка‒ Курманжан датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. Сатылгановдун, 200 сомдукка ‒ акын А. Осмоновдун, 500 сомдукка ‒ манасчы С. Каралаев дин, 1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. Баласагындын сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. Сом. А. Кулов.