Difference between revisions of "АБХАЗДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (өздөрүн апсуа деп аташат) – Абхазиянын жерг. калкы. Жалпы саны 300 000 киши, анын 122 миңи Абхазияда (2011). А. дүйнөнүн 52 өлкөсүндө жашашат. Абхаз диаспорасынын көпчүлүгү Түркия, Россия, Сирия, Германия, Украина, Грузия, Иордания, АКШ, о. эле Батыш Европа ж-а араб өлкөлөрүндө. А. Кавказдын Кара деңиз жээгинде жашаган байыркы элдерден.
Апхъарцта ойноп жаткан абхаз.

Христиан дини б. з. 4-к-ынан, ислам дини 16-к-дан тараган. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык, аңчылык м-н кесип кылышат. Эркектер бешмант, черкеска, шароварбурка, башлык, папах кийишип, белдерине ичке кемер кур курчанып, канжар тагынышкан. Аялдары бели кыналган, тик жакалуу көйнөк, кыздары кездемеден шырылган корсет кийишкен. Тамак-ашы негизинен сүт, эт азыктарынан даярдалып, салттуу тамак-аш катары жүгөрү ботко (абыста), фасоль, бал, аджика, о. эле жүзүмдөн жасалган арак, вино колдонушат.