Difference between revisions of "АВАРЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

, а п а р л а р – түрк тилдүү эл; байыркы калк. Алгач Борб. Азияда жужандар деген ат м-н белгилүү болгон. 5-к-да ал аймакта

мамлекетин негиздешкен. Түрктөр тарабынан талкаланган соң, алардын бир бөлүгү Борб. Азиядан Европа аймагына оошуп келип, Каспий, Кара деңиздеринин жээктерин, Дунай боюн, Бал кан жерлерин басып алып, 568-ж. Авар кагандыгын негиздеген. Күлтегиндин күмбөзүндөгү маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери м-н катар А. да эскерилет. А. славян, франк, лангобард, Гру зия, Византия жерлерине чабуул жасап турган. А. 8-к-дын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада А-дын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда ж-а ага коңшу мамлекетте А-га таан дык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени, А-дын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. А-дын аскери ондук система б-ча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү ж-а алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. А-дын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, о. эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. А. византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили ж-дө маалыматтар аз. Ал тууралуу жеке аттары, титулдары аркылуу болжонот. A-да бакшычылык, бутпараска сыйынуу чулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскер лер (6–9-к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма м-н ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш м-н кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргндын аймагында хунн ж-а байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген А-дын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мис., Бишкек ш-нын түндүгүнөн табылган буюмдар м-н Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы ж-а мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон ж-а Европадан да табылган аты м-н бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин Улуу көч доорунда Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.

К. Табалдиев.