Difference between revisions of "АБСТРАКЦИОНИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

( лат. abstractus - алагдыланган), предметсиз искусство -

к-дын көркөм иск-восундагы багыт. Чыгармаларды реалдуу нерсенин сүрөтүн көрүп туруп тартуунун ордуна, сызык, чийим, түстүү так, айкындыктан алагдыланган конфигурация сыяктуу жалаң формалдык элементтер системасы м-н алмаштырган. А. программалык багыт ка тары 1910-жылдын башында Европанын бир ка тар өлкөлөрүндө бир учурда пайда болгон. Анын негиз салуучуларына орус сүрөтчүлөрү В. В. Кан динский ж-а К. С. Малевич, голланд Пит Монд риан, француз Робер Делоне, чех Франтишек

Жоан Миро (1893 1983). Шалбаадагы куштардын канат кагышы - музыкадай таасир берет. 1955.

Купка кирет. А-ди баштоочулар эреже катары мистикалык идеяларга (а. и. теомофиялык доктриналарга) таянышкан. Алар абстракттуу түзүлүш ыкмасы көзгө көрүнгөн дүйнөнүн өтмө кубулуштарынан билинбеген ички мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, баамчыл сезим аркылуу келген маа- ни-маңыздарды ачып берүүгө умтулушкан. Ал гачкы А. сүрөтчүлөрү арх-ра, дизайн, жасалгаколдонмо көркөм иск-восунун заманбап стилинин калыптанышына маанилүү салымдарын кошушкан. Биринчиден, алардын функционалдык формата кайрылуусу эстетикалык программалардын универсалдуулугу м-н түшүндүрүлөт: аб стракттуу сүрөт курулуштары космостук аалам түзүлүш структураларынын проекциялары ж-а дүйнөнүн кынтыксыз жөнгө салынган долбоорлору катары берилген, ал эми тар мааниде адамды курчап турган предметтик ж-а мейкиндик чөйрөнү уюштуруудагы принциптүү схемалары катары көрсөтүлгөн. Экинчи жагынан, сүрөт тилинин биринчи бирдиктери м-н иштөө композициялык принциптер м-н форма жасоочу мыйзамдарды издөөгө дем берген ж-а алар кийин арх-ралык, предметтик формаларда чагылдырылган. А. пайда болгондон баштап, анда 2 сызык аныктала баштаган: биринчиси - кө бүнчө так ж-а туура чийилген конфигурацияларга негизделген геом. абстракция, экинчиси - эркин формадан түзүлгөн композициядагы лирикалык абстракция. Бул формалдуу айырмачылык сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымы м-н идеялык көркөм программаларында чагылдырылган.
дүйнөлүк согуштан кийин А. Түн. Америка

Аугуст Мак (Мешаде) Завернинд (1887–1914). Сары күрмөчөн Жак. 1913.

м-н Батыш Европа өлкөлөрүнүн көркөм турмушунда үстөмдүк кылуучу агымдардан болгон. Ичинде абстракттуу экспрессионизм, ташизм, иероглифтик А. агымдары пайда болгон лирикалык абстракциянын формалары көбүрөөк кез дешет. Булардын эстетикалык концепциялары өздөрүнүн универсалдык-метафизикалык мүнөзүн жоготкон: абстракттуу форма жаратылыштын тигил же бул көрүнүштөрү м-н болгон өз ара катышын гана көрсөтүп калган ж-а сүрөтчүнүн психикалык абалдарынын тике фиксациясы деп түшүндүрүлгөн. А. чыг-ты депрофессионализациялоо коркунучун өз ичине катып ту рат. Предметсиз композиция көп учурда сырткы дүйнө же таанып билүүнүн мазмуну м-н байланышкан бардык ассоциацияларды жокко чыгарган нерсе катары жарыяланат.
М. Карыбекова.