Difference between revisions of "АБОРТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (лат. Abortus), бойдон түшүү– бойго бүткөн түйүлдүктүн (22 жумага чейинки) бойдон түшүшү. 12 жумага чейин түшсө – эрте, 22 жумага чейин болсо кеч А. деп аталат. Бой дон түшүү ар кандай оорунун кесепетинен бо лот, кээде кандайдыр бир себептерден аялдын кош бойлуулугун сактоо мүмкүн болбогондо, о. эле кош бойлуулук ж-а төрөт. аялдын ден соолугу м-н өмүрүнө коркунуч туудурса, жасалма жол м-н жүргүзүлөт. Жасалма А. аял дын өз эрки боюнча (12 жумага чейинки) дарылоо мекемелеринде жасалат. Эгер кош бойлуу лук аялдын ден соолугуна ж-а балага корку нуч туудурса, анда чоң мөөнөттө да А. жасоого уруксат берилет. Жасалма А. организмге зыяндуу, анткени кош бойлуулук м-н байланышкан физиол. процесстер капысынан токтоп, кээде нерв, эндокрин системасынын, зат алмашуунун бузулушуна алып келет. Өзгөчө биринчи жолу боюнда болгон, этек кир цикли бузулган ж-а жыныс органдары начар жетилген аялга А. өтө зыяндуу. А-тон кийин кабылдап кетүүдөн жатын ж-а анын кошумчалары сезгенүүгө учурайт. Жатын түтүгү сезгенгенде ал жабышып калат да, жатындан тышкары бойго бутуу же таптакыр төрөбөй калуу мүмкүн. Өзүнөн-өзү бой дон түшүү түрдүү оорунун кесепетинен болот. Ага жатындын сезгениши, шишик оорулары, жыныс органдарынын начар жетилиши, жугуштуу оорулар, эне м-н баланын канынын туура келбестиги, өтө катуу талгак болуу, о. эле мурдагы А-тор себеп болот. Мында түйүлдүк жа тындын ички бетинен акырындык м-н ажырай баштайт. Жатын булчундарынын жыйрылышынан ичтин ылдый жагы, бел сыздап, толгоо келип, кан кете баштайт. Дарылоо эрте башталса, түйүлдүктү сактап калууга болот. Дары лоо өз убагында жүргүзүлбөсө кан агуу күчөп, кансыроого алып келиши мүмкүн. Кээде түйүл дүк толук түшпөй, анын бөлүктөрү калып, жа тын жыйрыла албай, кан көп кетип, аялдын өмүрүнө коркунуч туулат. Мындай учурда жатынды тазалоо ооруканада жүргүзүлөт. Эгерде эки ирет же андан көп бойдон түшсө, өнөкөт А. деп аталат. Эгер А. сезгенүү (инфекция) м-н коштолсо септикалык А. делет. Мындай кабылдоолор аялдын өмүрүнө чоң коркунуч туудуруп, сепсиске алып келет.