Difference between revisions of "АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а нН а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-ж. араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бу хара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-к-дагы Бухаранын ж-а Заравшан д-нын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы ж-а топографиясы б-ча баалуу булак. Анда О. Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-к.) Бухара аймагы ж-дө маалыматтар бар, о. эле О. Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун ж-а Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм м-н христиан динин сүрүп чыгаруусу ж-дө да айтылган.