Difference between revisions of "АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттардын атомдорунун ж-а молекулаларынын электрмагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдөө методу. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн, о. эле заттардын ички энергиясы ар түрдүү формата өткөндө азаят. Заттын жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун ж-а молекуланын электрондук түзүлүшүнө, о. эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттын концент-сына, темп-расына, электр ж-а магнит талааларына көз каранды. Заттардын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн спектрофотометр колдонулат. Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атом ж-а молекуларынын табияты агрегаттык абалы м-н аныкталат.