Difference between revisions of "АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

–  деңиз м-н океан дын 3 кмден төмөнкү тереңцигинде топтолуучу суу астындагы чөкмөлөр. Алар Дүйнөлүк океан дын түбүнүн 85% ке жакын аянтын ээлеп жа тат. А. ч. планктон организмдеринин скелет калдыктарынан, шамал учуруп ж-а деңиз агымдары м-н келген минералдык майда заттардан, суу алдындагы тоо тектердин талкаланышынан пайда болгон бүртүкчөлөрдөн, тереңдиктеги хим. чөгүндүлөрдөн ж-а жанар тоо бүркүндүлөрү м-н космос чаңдарынан турат. Чөгүү процесси өтө жай жүргөндүктөн, 100 жылда орто эсеп м-н 0,5–2 мм гана калыңдыктагы чөкмө пайда бо лот. Курамы 20–98% орг. калдыктардан турган акиташтуу ж-а кремнийлүү тунма ылайлардан

түзүлсө – органогендик, ал эми скелеттер өтө аз кездешип, негизинен кызыл чоподон турса полигендик деп аталат. Кызыл чоподо темир марганец конкрециялары кездешет, к. Деңиз чөкмөлөру.
Ад.: Лисицын А.П. Процессы океанской седи ментации: Литология и геохимия. М., 1978. Кеннет Дж. П. Морская геология: В 2 т. М., 1987.