Difference between revisions of "АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Сүйөркул (1898, Талас обл., Талас р-ну, Чоң-Токой айылы – 1959, Талас р-ну, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь рев-ясына чейин Олуя-Ата ш-нда (азыркы Тараз) ж-а Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-ж. сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-ж. чейин мугалим, 1943-45-ж. Магнитогорск металлургия з-дунда жумушчу. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.