Difference between revisions of "АБДУКАРИМОВ Мамасалы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Мамасалы (5. 6.1910, Ош обл., Кара-Суу р-ну, Жапалак айылы - 26. 1. 1996, Бишкек) - кыргыз жазма ад-тын баштоочулардын бири, жазуучу ж-a котормочу, Кыргыз эл жазуучусу (1995). 1924-25-ж. Ташкенттеги Казак-кыргыз ин-тунда билим алган. 1930-ж. Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. Эмгек жолун респ. «Ленинчил жаш» гезитинде жооптуу секретарь болуп иштөөдөн баштап, 1938-40-ж. анын жооптуу редактору, «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу секретарь, редактордун
АБДУКАРИМОВ31.png

орунбасары. 1943-47-ж.
Кырг-н КП Ош обкомунун катчысы, 1950-57-ж. Кыргызмамбаста бөлүм башчы,
1957-68-ж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер болуп эмгектенген. Анын «Курмушунун турмушу» аттуу алгачкы аңгемеси 1928-ж. жарык көргөн. А. «Кызыл эмгек»
, «Турмуш жана күрөш» (1937), «Үзүлбөгөн үмүт» (1957), «Болгар жеринде» (1960), «Эр жүрөк азаматтарды даңазалап ырдайбыз» (1986) жыйнактарынын, «Жаңырык», «Жашагым келет» романдарынын (1-китеби, 1965), биографиялык мүнөздөгү «Жол башы» (1982), «Биринчи кубаныч» документалдуу повестинин, «Эркин-Тоо» элге» (1995) аттуу тарыхый очерктин автору. Жазуучунун калеминен жаралган чыгармалардан ошол учурдун илеби, бакыт үчүн, жыргалдуу турмуш үчүн баатырларча күрөшкөн чыныгы адамдын үмүт-тилеги сезилип турат. А. 4-10класстар үчүн «Кыргыз адабияты» окуу куралынын түзүүчүлөрүнөн. Көрүнүктүү котормочу катары да белгилүү. Ал ар түрдүү тармактагы ад-ттарды, орус ж-а дүйнөлүк классиктер А. П. Чехов, М. Горький, М. Шолохов, Джон Рид ж. б-дын көркөм чыгармаларын, ондогон киносценарийлерди кыргыз тилине которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Артыкбаев К. Жазуучу, журналист ж-а котормочу. «Ала-Тоо», 1960, № 9; Писатели Совет ского Киргизстана. Ф., 1989. Ж. Медералиева.