Difference between revisions of "АБАКИРОВ Мамыт"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

Мамыт (1912, Ош обл., Совет р-ну, Чалма кыш. - 2003, ошол эле жерде) – жылкычы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1931-жылдан Ош обл-нун Совет р-нундагы «Ленинчил жаш» колхозунун колхозчусу, 1934-41-ж.№ 2-талаа бригадасынын бригадири. 1946-64-ж. жылкы фермасынын башчысы. Коомдук малды өстүрүүдө ж-а анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ал башкарган ферма 1947-ж. 90 бээден 90 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты.Ленин ордени м-н сыйланган.
АБАКИРОВ 412.png