Difference between revisions of "АБА ЖОЛУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

, а б а трассасы– географиялык белгилүү жайлардын ортосунда самолёттор үчүн абада белгиленген атайын тилке. А. ж. өткөн жерлерде самолёттор учуп-коно турган аэропорттор болот да, алар учуу коопсуздугун камсыз кылуучу аспаптар м-н жабдылат. Анда учуу аэродромдогу радиотех. каражаттардын жарда мы м-н ишке ашырылат. А. ж. жерг. ж-a эл аралык болуп бөлүнөт. Ж е р г. А. ж-нда ири райондорду, шаарларды респ-нын ж-a облустун борборлоруна катыштыруу уюштурулат. Кыргызстандын биринчи Ташкент – Пишпек – Алматы А. ж. 1924-ж. 3-майда ачылган. 1930-ж. Фергана – Анжиян аркылуу Фрунзе – Ош, 1933-ж. 7ноябрда Фрунзе - Пржевальск, 1935-жылдан түз учуучу Фрунзе - Ош каттамы түзүлгөн. 1975-ж. Кыргыз жарандык авиация бапткармасы тейлеген А. ж. Кырг-ндын көпчүлүк жерин ж-a союздун 19 шаарын байланыштырып, анын жалпы уз. 60 миң кмге жеткен. Азыр (2005) КР б-ча аба трассасынын жалпы уз. 3533 км, к. «Кыргызстан авиакомпаниясы.