Difference between revisions of "АТБАШ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
‒ тарыхый шаардын аты. А. шаары ж-дөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбех тин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде А. шаар экендигин, анын геогр. ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда | ‒ тарыхый шаардын аты. А. шаары ж-дөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбех тин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде А. шаар экендигин, анын геогр. ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда А. 9-к-га чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыӊгайлуу геогр. орду ж-а табигый шарты б-ча А. 9‒12-к-да ж-а андан кийин да бүткүл Ички Теӊир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да А. аркылуу жүргөн. А. көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-к-дын 70-ж-нда Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-к-дан А. көп эске алынбайт. 1331-ж. түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде А-нын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин калдыгы А. ш-нын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-ж. биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археол. изилдөөлөр б-ча Кошой-Коргондун ордунда 9‒14-к-да шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы м-н Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоӊ дөбө (Чеш-Төбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чеш-Төбө м-н А. убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын о. кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Ат-Башыда көп ирет болгон. <br> | ||
''С. Өмүрзаков.'' | |||
21:34, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ тарыхый шаардын аты. А. шаары ж-дөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбех тин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде А. шаар экендигин, анын геогр. ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда А. 9-к-га чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыӊгайлуу геогр. орду ж-а табигый шарты б-ча А. 9‒12-к-да ж-а андан кийин да бүткүл Ички Теӊир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да А. аркылуу жүргөн. А. көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-к-дын 70-ж-нда Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-к-дан А. көп эске алынбайт. 1331-ж. түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде А-нын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин калдыгы А. ш-нын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-ж. биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археол. изилдөөлөр б-ча Кошой-Коргондун ордунда 9‒14-к-да шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы м-н Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоӊ дөбө (Чеш-Төбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чеш-Төбө м-н А. убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын о. кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Ат-Башыда көп ирет болгон.
С. Өмүрзаков.