Difference between revisions of "БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ лимфа системасынын органы. Ооз көӊдөйү м-н кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого ж-а иммунитет пайда кылууга катышат. Анын эӊ ириси ‒ таӊдай бездери. Оозду чоӊ ачканда кичине тилдин эки жагынан көрүнөт. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, аккан денечелер ‒ лейкоциттерден ж-а тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт, к. Ангина . Таӊдай безинин өнөкөт сезгенүүсүндө анын коргоо функциясы бузулуп, организм үчүн коркунучтуу ириӊдетүүчү микробдун чордонуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция жасоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша дарыгер чечет.